Клеткадагы Аң-Сезим (11-20)
11. Денеге зыян тийгизбөө үчүн өзүн-өзү өлтүргөн клеткалар
Тирүү организмдеги керексиз, туура эмес же оорулуу клеткалар өзүн-өзү өлтүрүшөт. Көп клеткалар өзүн-өзү жок кылуу үчүн бир катар белокторду чыгарышат. Бирок клетка денеге пайдалуу болуп турган кезде бул белокту, башкача айтканда, өзүнүн ажал машинасын токтотуп койот. Клетка ооруп, кыял-жоругу бузулуп же организмдин ден-соолугуна кооптуулук туудуруп баштаса, өлтүргүч белоктор боштондукка чыгып, жолдору ачылат жана клетканы өлтүрүшөт.
Клетканын дал керектүү учурда жана керектүү жерде чечим алышы абдан маанилүү. Андай болбой, мисалы өлүм белоктору клетканын ден-соолугу чың кезде ишке киришсе, денедеги ден-соолугу чың клеткалар тынымсыз өлө беришет жана бул организмдин өлүмүнө себеп болот. Зыяндуу жана оорулуу клеткалардын жашай бериши дагы организмдин өлүмүнө алып келет.
Өзүн-өзү өлтүрүүнү чечип, өлүм белогун койо берген клетка алгач тырышып, өзүн айланасынан тартат. Анан бетинде ыйлаакчалар пайда болуп,
клетка кайнап жаткандай көрүнүп калат. Андан соң ядросу жана кийинчерээк болсо бүт клетка бөлүктөргө бөлүнөт.
Өзүн-өзү өлтүргөн клетканын калдыктары болсо ошол замат айланадагы башка клеткалар тарабынан жок кылынат. Мындан да кызыгы, өлгөн клеткалардын баары эле башка клеткалар тарабынан тазалана бербейт. Кээ бир өлүү клеткалар атайын калтырылып коюлат, себеби алардын денедеги кызматы али бүтө элек болот. Мисалы, көздүн линзасы (объективи), тери, тырмак сыяктуу тканьдар да өлүү клеткалардан турат, бирок булар денеге керектүү болгону үчүн жок кылынбайт. Клеткалардын кайсы өлүү клеткаларды жок кылып, кайсыларын калтыраарын чечиши жана бул чечимге денедеги триллиондогон клеткалардын баш ийиши – ойлоно турган өтө маанилүү бир жагдай.
 |
1.A cell begins to commit suicide when a warning signal arrives, from inside or outside the cell. This message lets the cell know that it is time to "die."
2. Proteins found in the cell receive the message and interpret it and are responsible for the cell's demise. 2a. On receiving the message, the destructive proteins become activated.
3. These proteins, activated by the arrival of the warning message, go about destroying the cell in a variety of ways.
4. With the attack by the proteins of the structural backbone of the cell, diseased and harmful cells set about their own self-destruction, thereby protecting the body.
|
Бир клеткага ушунчалык маанилүү бир чечимди алып, аны турмушка ашыра турган аң-сезимди ким берген? Кайсы учурда организмге зыян тийгизээрин ага ким түшүндүргөн? Жана бул зыяндын алдын алуучу чараны бул микроскопиялык жандыкка илхам кылган кудурет кимге тиешелүү?
Бул жерде айтылгандардан көрүнүп тургандай, бүт клеткалар организмдин жашоосун улантышына эң идеалдуу программаланган. Анда бул программанын ээси ким?
Эволюционисттер бул кереметтүү программанын ээси аң-сезимсиз, сокур кокустуктар деп ишене турганчалык сокур болуп калышкан. Тирүү жандыктардын бүт тарабында Аллахтын теңдешсиз жаратуусунун жана чексиз илиминин көрүнүп тураары эч талашсыз чындык.
12. Боорго орнотулган бактерияларды жок кылуучу машиналар
Жеген тамактарыңыз, дем алган абаңыз жана дагы көптөгөн жолдор аркылуу денеңизге көзгө көрүнбөгөн көптөгөн бактериялар кирет. Дененин иштөө системасын бузбашы үчүн булардын зыяндууларын жок кылуу керек болот. Буга чара катары денебизде бир гана «коргонуу» милдети жүктөлгөн, мыкты эс-тутум менен жабдылган клеткалар бар. Бирок денебиздин кемчиликсиз долбоорунун бир көрсөткүчү катары коргонуу үчүн башка кошумча чаралар да көрүлгөн. Алардын бири – кан айлануу системасындагы «стратегиялык аялдама» деп атоого боло турган боордогу иммундук клеткалар.
Купфер клеткалары деп аталган бул клеткалар кан айлануу аркылуу ичегилерден боорго келген кандагы зыяндуу бактерияларды 0,01 секундадан да кыскараак убакыт ичинде сиңирип, нейтралдаштырат. Бул аң-сезими жок клеткалар денеге кирген көп сандагы бактериялардын арасынан адамга пайдалуулары менен зыяндууларын кантип бири-биринен айырмалай алышат? Өзгөчөлүктөрүнүн кандай экенин жана денеде аткара турган кызматтарын билбей туруп, кантип кээ бир бактерияларды жок кылып, кээ бирлерине эч тийишишпейт?
 |
1. Hepatic vein 2. Liver
|
4.Hepatic artery 5. Hepatocytes
|
6.Kupffer cell 7. Kupffer cell
|
8. Hepatic artery 9. Hepatic vein
|
10. Kupffer cell
|
In a very short time, special Kupffer cells in the liver neutralize bacteria arriving from the small intestine.
|
Бул жерде жакшылап ойлонуу керек болгон дагы бир маанилүү жагдай бар; Купфер клеткаларынын боордо жайгашышы. Эмне үчүн дененин башка бир органына эмес, боорго жайгашкан? Бул жерде денебиздеги кемчиликсиз жаратуу далилдеринин дагы бирөөсүн көрөбүз. Эгер бул клеткалар боорго эмес, башка бир органга жайгаштырылганда, кандын бактериялардан тазаланышында мынчалык натыйжалуу боло алышмак эмес. Себеби ичине толтура бактерия аралашып кеткен кан боордо тазаланган соң гана бүт денени кыдыруу үчүн жалпы кан айланууга кирет. Ошондуктан жалпы кан айланууга бактериялардын бир пайыздан азы гана кире алат.
Сиздин оюңузча, кайсы сокур кокустук денеде дагы канчалаган органдар турганда, Купфер клеткаларын боорго жайгаштырган болушу мүмкүн? Болжол менен жүз триллион клеткадан турган бир дененин ичинде кандайдыр бир клетканын өзүнө атайын бир орунду белгилеп, ал жерге барып жайгаша тургандай аң-сезимде болушу мүмкүн эмес. Мындай кемчиликсиз бир план үчүн өтө улуу бир акыл болушу шарт. Бул акыл денебиздеги ар бир чекитти эң мыкты билген жана баарын өз орду менен бизди жоктон жараткан Аллахка тиешелүү.
13. Дем алууну эч качан башкарбайсыз, себеби кээ бир клеткаларыңыз сиздин ордуңузга жөнгө салып турушат
Эгер дем алуунун башкаруусу бизге берилгенде, дем алууну унутуп калганыбызда, уктап кеткенде же башка бир жумуш менен алек болгонубузда, аба жетпей өлүп калышыбыз мүмкүн эле.
Ар бир адам үчүн өтө маанилүү болгон дем алуу процесси дем алуу борбору тарабынан жөнгө салынат. Бул борбордун көлөмү жасмыкчалык (чечевица) болуп, мээбиздин бир бутагы болгон «мээ сөңгөгү» деп аталган жерде жайгашкан жана негизги үч топтогу нерв клеткаларынан турат:
Биринчи топтогу клеткалар дем алуунун негизги ритмин аныктап, ичибизге абаны жутуу буйругун беришет. Ушундайча бизге керектүү абаны ичибизге тартабыз.
Экинчи топтогу клеткалар болсо дем алуунун ылдамдыгы менен багытын аныкташат. Бирок экинчи топтогу клеткалар ишке киргенде, биринчи топтогу клеткалардын иш-аракетин бир сигнал менен токтотушат. Натыйжада өпкөнүн аба толгон бөлүгү контрольго алынып, дем алып чыгарышыбыз ылдамдайт.
Үчүнчү топтогу клеткалар болсо кадимки дем алуу шартында активдүү болушпайт. Көп өлчөмдө дем алып чыгаруу керек болгондо гана ишке киришип, курсак булчуңдарыбызга сигнал жөнөтүп дем алуу процессине көмөк бердиришет.
Бул айтылгандар жашообузду улантышыбыз үчүн жетиштүүбү? Жок.
Дем алуу химиялык жактан да жөнгө салынат. Биздин дем алып чыгаруубуздун максаты – кандагы кычкылтек менен көмүр кычкыл газынын катышынын белгилүү деңгээлде сакталышы. Бул катыш өзгөргөндө болсо дем алуу борборундагы бир клетка тобу ишке киришип, тиешелүү чоңдуктар өтө кылдаттык менен керектүү деңгээлге алып келинет.
 |
1. Inhalation 2. Exhalation 3. The second group of cells determines the speed and pattern of breathing. 4. Cells in the third group come into play in emergencies. 5.Cells in the first group determine the basic rhythm of respiration.
|
Кандагы кычкылтектин көлөмү дем алуу борборуна түздөн-түз таасир бербейт. Андай болсо кандагы кычкылтектин көлөмүнүн өзгөргөнүн бул борбор кантип билет? Бул жерде дагы бир топ ишке аралашып, кереметтүү бир аң-сезимдүүлүктү көрсөтүшөт. Мээнин сыртында, күрөө тамыр сыяктуу кээ бир чоң тамырларда жайгашкан өтө сезгич кабылдагычтар кандагы кычкылтек белгилүү бир деңгээлден төмөн түшкөндө, дем алуу борборуна сигналдарды жөнөтүшөт. Натыйжада өтө кылдат өзгөрүүлөр аркылуу дем алууга керектүү түзөтүүлөр киргизилет.
Биз жашообузду улантышыбыз үчүн канчалык кычкылтек керек экенин бир клетка тобу кайдан билет?
Илим 20-кылымда гана ачкан бул кереметтүү механизмди клеткалар алгачкы адамдан бери кантип колдонуп келе жатышат?
Болгондо да, бул механизм ушунчалык так иштегендиктен, өмүр бою отурганда, чуркаганда же уктап жатканда эч ката кетирилбейт жана денебиздеги 100 триллион клеткага дайыма дал керектүү өлчөмдө кычкылтек жеткирилип; зыяндуу көмүр кычкыл газы жана суутек иону сыяктуу калдыктар өз убагында алып кетилет.
Эволюция теориясына фанаттык бир ишеним менен берилген кээ бир илимпоздор бүт бул чындыктарды билип туруп, материализмде калуу үчүн гана, бул кемчиликсиз системаларды сокур кокустуктардан пайда болгон дешет. Чындыгында болсо, бул кемчиликсиз тартипти чексиз акылдуу Аллахтын жаратканы апачык көрүнүп турат.
14. Сиз кыла албаган нерсени клеткаларыңыз кыла алышат!
Алдыңызга ар кандай металлдардын күкүмдөрүн коюшуп, булардын кайсы металлдар экенин аныкташыңыз талап кылынды дейли. Жаңылбай аныктай аласызбы?
Бул багытта илим албаган бир адам болсоңуз, бул нерсе колуңуздан келбейт. Бирок сиз аң-сезимдүү болуп туруп кыла албаган бул нерсени денеңиздеги болжол менен 100 триллион клетканын баары эч кыйналбастан, ойлонбостон жана эсептеп отурбастан оңой эле кыла алат. Болгондо да, бир эле сиздин клеткаларыңызда эмес, жер жүзүндө ушул кезге чейин жашап өткөн жана азыр жашап жаткан миллиарддаган адамдардын ар биринин триллиондогон клеткасында да бул жөндөм бар.
 |
1.Molecules that try to pass through the gates of the cell 2.The protein that controls entry and exit from the cell 3.inside of the cell
|
Most people cannot identify minerals placed in front of them. However, cells in our body can distinguish between minerals, oxygen, sodium and potassium, and isolate the elements it wants and take them in.
|
Денеңиздеги бир клетка дененин ичинде өзүнө керектүү темирди оңой гана тандап, өзүнүн ичине киргизе алат. Ошол сыяктуу, фосфорду, азотту, кычкылтекти, натрийди, калийди жана башкаларын ар дайым оңой эле таанып, колдонуу үчүн топтой алат же ашыкчасын аныктап сактап койо алат. Ал тургай, керек учурда муктаждыгынан ашыкча элементтерди клетканын сыртына чыгарып сала алат.
Бул жерде токтоп, ойлонуп көрүңүз. Клетка деген нерсе – белоктордон, молекулалардан, атомдордон турган, көлөмү миллиметрдин миңден бириндей болгон бир түзүлүш. Анын колдору, көздөрү, кулактары, мээси жок. Анын сиз сыяктуу бир аң-сезими да жок. Анда металлдарды, заттарды кантип тандай алат?
Бул тандоо клеткаларыңыздын баарына Аллах тарабынан илхам кылынууда. Көзү жана аң-сезими жок атомдорго курч бир көздү жана аң-сезимди талап кылган бир тандоо жөндөмүн берген – чексиз илимдүү жана чексиз кудуреттүү Аллах.
15. Өмүрүңүз клеткаларыңыздын иштерди пландуу бөлүшүп алганы себептүү уланууда!
 |
1.Nutrient
2.Lining Cells
3.Stomach
4. Small Intestine
5. A cell of the small intestine
6. B12 -Binding Proteins
Vitamin B 12 is used in bone marrow. It is absorbed by the stomach and small intestine, then sent to the bone marrow.
|
B12 витамини адам өмүрү үчүн өтө маанилүү бир витамин, себеби кандын жасалышында колдонулат. Бул витаминдин жетишсиздиги адамдын өлүмүнө алып барчу кан аздыгына себеп болот. Бирок бул витамин дененин ичинде жалгыз бойдон колдонула албайт. Ошондуктан ашказандын былжыры кандын жасалышында маанилүү бир кызматты аткарган B12 витаминин сиңирүүчү атайын бир затты чыгарат. Ичке ичегинин атайын бир бөлүгүндө болсо жалаң гана B12 витаминин сиңирүүгө даярдалган клеткалар болот. Бул жерде бир саамга ойлонолу. Кан көптөгөн татаал процесстин натыйжасында, негизинен жилик чучугунда (чучукта) жасалат. Бирок жилик чучугу ашказандан абдан алыста жайгашкан. Жилик чучугунда керектүү бир витаминдин колдонулушу кантип ашказан клеткалары чыгарган бир заттан көз-каранды болушу мүмкүн? Жана кантип бул витаминди сиңирүү милдети ичке ичегинин бир бөлүгүндө жайгашкан белгилүү сандагы клеткага жүктөлгөн?
Бул үчүн ашказан клеткалары менен ичке ичегинин тиешелүү бөлүгүндөгү клеткалардын бул жөнүндө маалыматы болушу керек. Алардан абдан алыста боло турган кандын өндүрүшүн жакшы билиши зарыл. Ошондой эле, бул өндүрүштүн дене үчүн канчалык маанилүү экенин да билүүлөрү зарыл. Кыскасы, денеңиздин ичинде капкараңгы жерлерде адам укканда таң кала турган системалар кызмат кылып, клеткалардын арасында абдан пландуу иштер жасалууда.
Албетте, мындай пландуу жана кемчиликсиз иш-аракеттердин клеткалардын «эрки» менен жасалышы мүмкүн эмес. B12 витаминин да, аны колдонууга ыңгайлуу абалга алып келүүчү маалыматты билген клеткаларды да асмандардын жана жердин Рабби Аллах жараткан.
16. Клеткаларыңызда болуп жаткан кубулуштарга акыл керек экенин ойлонуп көрдүңүз беле?
Ашказандан ичегилерге келген сиңирилген азыктардын ичинде күчтүү кислоталар болот. Бул он эки эли ичегиге олуттуу бир коркунуч туудурат. Себеби он эки эли ичегинин ашказан сыяктуу өзүн коргой турган атайын бир катмары жок.
Анда кантип он эки эли ичеги кислоталардан жабыркабайт? Бул суроонун жообун табуу үчүн тамак сиңирүү процессиндеги кубулуштарды караганыбызда, денебизде болуп жаткан таң калыштуу окуяларды көрөбүз.
Он эки эли ичегиге ашказандан азыктар менен бирге келген кислоталардын көлөмү кооптуу бир деңгээлге жеткенде, ичегинин капталындагы клеткалардан «секретин» аттуу бир гормон чыгарылып баштайт. Он эки эли ичегини коргоочу бул секретин гормону ичке ичегинин капталындагы клеткаларда «просекретин» абалында болот. Бул гормон сиңирилген азыктардын кислота таасири менен башка бир химиялык затка, б.а. секретинге айланат.
Секретин гормону канга аралашып уйку безине (карын астындагы безге) келип, фермент бөлүп чыгарышы үчүн аны жардамга чакырат. Он эки эли ичегинин коркунуч астында калганын секретин гормону аркылуу түшүнгөн уйку бези «бикарбонат» молекулаларын ал аймакка жөнөтөт. Бул молекулалар ашказандын кислотасын нейтралдаштырып, он эки эли ичегини коргошот.
 |
1. Nutrient 2. Stomach 3. Special protective layer. 4. Acid 5.Prosecretin fount in the lining cells of the small intestine.
|
6. Secretin is carried to the pancreas via the bloodstream. 7. Pancreas 8. Bicarbonate ions produces by the pancreas... 9. Neutralize the stomach acid. 10. Small intestine.
|
Thanks to faultless cellular cooperation and communication, the small intestine is protected from the acid coming from the stomach.
|
Адамдын өмүрүн сактаган бул процесстер кантип ишке ашууда? Ичеги клеткаларынын аларга керектүү заттын уйку безинде бар экенинен кабардар болушу, уйку безин стимулдай турган заттын формуласын билиши, ошондой эле, уйку безинин ичегиден келген кабарды түшүнүп, бикарбонат молекулаларын чыгарып башташы өзүнчө бир керемет.
Бул жерде ичеги клеткалары жөнүндө айтылган «билүү, кабардар болуу» сыяктуу этиштер адамдын денесинде болуп жаткан кубулуштарга жакшыраак басым жасоо үчүн колдонулууда. Чындыгында болсо, акылы бар ар бир адам түшүнө тургандай, бир клетканын ойлонуп, өз эрки менен чечимдерди алышы, башка бир органдын өзгөчөлүктөрүнөн кабардар болушу, формулаларды иштеп чыгышы эч мүмкүн эмес.
Клеткаларды бул өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан теңдешсиз бир илимдин ээси Аллах. Аллах адамдарга алардын денесинде ушул сыяктуу өзгөчөлүктөрдү жаратуу аркылуу кудуретинин чексиздигин көрсөтүүдө.
17. Денеңиздеги жеген кантыңызды жөнгө салган ири бир заводду билесизби?
 |
But to Allah belong all things in the heavens and on earth: And He it is that Encompasseth all things. (Qur'an, 4:126)
|
Эгер муктаждыгыңыздан бир аз көбүрөөк канттуу бир тамак жесеңиз, денеңиздеги бир система кандагы канттын көлөмүнүн жогорулашына жол бербөө үчүн ишке киришет:
1- Алгач уйку безинин клеткалары кан суюктугунун ичиндеги жүздөгөн молекуланын арасынан кант молекулаларын таап, башкаларынан бөлүп алат. Ал тургай, кант молекулаларын бирден эсептегендей болуп бул молекулалардын санынын көп же аз экенин да аныкташат. Көзү, мээси, колдору болбогон, көзгө көрүнбөгөн кичинекей клеткалардын бир суюктуктун ичиндеги кант молекулаларынын абалын билиши адамды ойго сала турган бир көрүнүш.
2- Эгер уйку безинин клеткалары канда керегинен ашыкча кант бар деп аныктаса, бул ашыкча кантты сактап коюуну чечишет. Бирок сактап коюу жумушун өздөрү жасашпайт, алардан абдан алыста жайгашкан башка клеткаларга жасатышат.
3- Алыстагы ал клеткалар буйрук келмейинче, кантты сактап коюуну каалашпайт. Ошондуктан уйку безинин клеткалары ал клеткаларга «кантты топтоп, сактап коюуну баштагыла» деген буйрукту билдирген бир гормонду жөнөтүшөт. «Инсулин» деп аталган бул гормондун формуласы уйку безинин клеткалары эң биринчи пайда болгондон бери ДНКларында жазылуу турат.
4- Уйку безинин клеткаларындагы атайын «ферменттер» (жумушчу белоктор) бул формуланы окушат. Окуган формулага карап инсулинди өндүрүшөт. Бул өндүрүштө ар бири ар кандай кызматты аткарган жүздөгөн фермент иштейт.
5- Өндүрүлгөн инсулин гормону эң ишенимдүү жана эң ылдам транспорт тармагы болгон кан аркылуу максатталган клеткаларга жеткирилет.
6- Инсулин гормонунда жазылган «кантты топтоп, сактап койгула» деген буйрукту окуган клеткалар болсо бул буйрукка толук моюн сунушат. Кант молекулаларынын клетканын ичине киришине жол берүүчү эшиктер ачылат.
7- Бирок бул эшиктер туш келди эле ачыла бербейт. Сактап коюучу клеткалар кандагы жүздөгөн түрдүү молекуланын арасынан бир гана кант молекулаларын таап кармап, өздөрүнүн ичине камап коюшат.
8- Клеткалар аларга келген буйрукка эч качан баш ийбей коюшпайт. Буйрукту туура эмес түшүнүп, туура эмес заттарды кармап же керегинен ашыкча кантты сактап койгонго аракет кылышпайт. Абдан дисциплиналуу түрдө, жан үрөп иштешет.
 |
A. Transport protein B. Outside C. Glucose molecule D. Cell membrane E.Inside F. Sac G.Insulin receptor region I.Nucleus H.Insulin molecule
When insulin binds to a receptor in the cell membrane (1), special proteins in the cell (2) go into action. This is a signal to glucose transporters. In addition, there are glucose sacs in the inner part of the cell (3). Some are close to the cell membrane (4). On receiving the signal, these sacs move towards the cell membrane and fuse with it (5), exposing the glucose transporters(6). With the increase in the number of transport proteins that take glucose into the cell, the glucose level in the blood drops and less insulin is produced. A short while later, a portion of the cell membrane, together with the transport proteins, curls around towards the inside of the cell (7), forming a vesicle (8). Moving toward the middle of the cell, it combines with the endosome (9). Here, once new sacs are formed, it awaits a new signal (10), and the Sprocess continues.
|
Ошентип сиз ашыкча канттуу бир чай ичкениңизде, ушул кереметтүү система ишке кирип, ашыкча кантты денеңизде топтоп койот. Эгер бул система иштебегенде, анда каныңыздагы кант тездик менен көтөрүлүп, комага түшүп, көз жуммаксыз. Бул ушунчалык кемчиликсиз бир система болгондуктан, керек учурда тескерисинен да иштей алат. Эгер кандагы кант нормадан төмөн түшүп кетсе, бул жолу уйку безинин клеткалары такыр башка бир гормонду, б.а. «глюкагонду» чыгарышат. Глюкагон мурда кантты топтоп койгон клеткаларга эми «канга кантты аралаштыргыла» деген буйрукту алып барат. Бул буйрукка да моюн сунган клеткалар сактап койгон кантты кайра чыгарышат.
Бир мээси, нерв системасы, көзү, кулагы болбогон клеткалар кантип мынчалык татаал эсептерди жана иштерди эч кемчиликсиз жасай алышат? Белоктор менен май молекулаларынын жыйындысынан турган бул аң-сезимсиз нерселер кантип адамдар да жасай албай турган чоң иштерди жасай алышат? Аң-сезимсиз молекулалардагы бул улуу акылдын булагы эмне? Албетте, бул процесстер бизге бүт ааламды жана бүт жандыктарды башкарган Аллахтын бар экенин жана кудуретин көрсөтүүдө.
 |
A. INSULIN B. HOMEOSTASIS C. GLUCAGON
|
a. High blood glucose b. Normal blood glucose level (90 mg/100 ml) c. Low blood glucose
|
1. Muscle, fat and other types of cells use glucose as their source of energy. More glucose than is needed is stored as glycogen. 2. The liver converts glucose into glycogen, fat and proteins. 3. The beta cells of the pancreas pump insulin into the blood. 4. Immediately after a meal, glucose passes into the blood. 5. The liver halts the production of glycogen and converts it into glucose. 6. Cells use or store the glucose they receive. 7. The pancreatic alpha cells release glucagon into the blood.
|
18. Глюкозаны, белокту, натрийди айырмалай алган бөйрөктөр жаратылуунун апачык бир далили
Эки бөйрөгүбүз өмүр бою денебизде айланган канды тазалайт. Сүзүп алган заттарынын бир бөлүгүн денеге кайра жөнөтүп, калганын болсо ишке жарабаганы үчүн денеден чыгарып салат. Бөйрөктөрдүн белокту, заараны, натрийди, глюкозаны жана башкаларды кантип бири-биринен айырмалашын билесизби?
Бөйрөктөрдө келген кандын ичиндеги заттарды сүзүүчү жер – «түйдөкчө» (гломерул) деп аталган капиллярлардан турган тоголок бир түзүлүш. Бул жердеги капиллярлардын денени каптаган башка капиллярлардан айырмасы, бул жердегилер үч катмар менен оролгон. Мына ушул үч катмар өтө кылдаттык менен бөйрөктөрдө кайсы заттын сүзүлүп чыгарылаарын, кайсысынын кайра канга аралашаарын ЧЕЧЕТ. Бирок бул сүйлөмдөгү маанилүү бир жерге көңүл буруңуз. Бир клетка чели кайсы критерийдин негизинде жана кайсы механизм аркылуу ага келген суюктуктун ичиндеги бүт заттарды бир-бирден аныктап, кайсы жерге бараарын чечет? Бөйрөккө келген кандын ичинде глюкоза, бикарбонат, натрий, хлор, заара жана креатин сыяктуу көптөгөн заттар болот. Бөйрөк бул заттардын кээ бирлеринин баарын, кээ бирлеринин бир бөлүгүн денеден сыртка чыгарса, кээ бирлерин толугу менен канга жөнөтөт. Бир кесим эт бул заттардын кайсысынын канча бөлүгүн чыгарып салаарын кантип чечет? Бул суроонун жообу бул бир кесим эттин кемчиликсиз бир түзүлүштө жаратылгандыгында катылган.
 |
1. Kidney 2. The Bowman capsules can be seen as yellow dots
|
3. The Bowman capsule, surrounding the glomerulus 4. The cluster of capillaries making up the glomerulus
|
Түйдөкчөлөрдүн тандоосу суюктуктун ичиндеги молекулалардын электрдик зарядына жана чоңдугуна карап белгиленет. Бул түйдөкчөлөрдүн суюктукка аралашкан натрий менен глюкозанын молекулаларынын салмагын эсептөө жана белоктордун терс заряддуу экенин АНЫКТОО жөндөмү бар деген мааниге келет. Натыйжада дене үчүн өтө маанилүү болгон белоктор денеден чыгарылып салбай, кайра артка кайтарылат.
Сиздин оюңузча, капиллярлардан турган бир түзүлүш, б.а. түйдөкчөлөр химия, физика же биология билимин албай туруп, мындай жогорку жөндөмгө кантип ээ боло алышат? Бөйрөк түйдөкчөлөрүнүн бул жөндөмгө ээ болушунун жана өз кызматын кемчиликсиз жасашынын себеби алар Жараткан Аллахтын илхамы менен иш-аракет жүргүзүшөт. Эч бир затты кокустан тандап сүзүшпөйт. Эгер кокустан тандаганда, бул аң-сезимсиз заттар туура молекуланы тапканга чейин денебиз чыдап күтө алмак эмес. Булардын баары Аллахтын кемчиликсиз жаратуу далилдеринен.
19. Кан басымыңыз төмөндөгөндө денеңизде кандай процесстер болоорун билесизби?
Күн сайын көп эле «кан басымым түшүп кетти» же «кан басымым көтөрүлдү!» деген сөздөрдү угабыз. Бирок кан басымыңызды жөнгө салуу милдетинин бөйрөктөрүңүзгө берилгенин балким эч бириңиздер билбейт чыгаарсыздар.
Бөйрөктөр адам денесиндеги көптөгөн кызматтарынан тышкары, кандын басымын жөнгө салуу кызматын да аткарат. Кан басымын аныктоочу эң негизги факторлордун бири – бул тамырлардын ичиндеги суюктуктун көлөмү. Тамырлардын ичиндеги суюктук канчалык көп болсо, кан басымы да ошончолук көтөрүлүп, денедеги бүт органдарга зыян тийгизет.
Дене тамырлардагы ашыкча суюктукту жүрөктүн алдыңкы көбөлдөрүндө (бөлмөчөлөрүндө) орнотулган сенсорлор аркылуу аныктайт. Ичине кирген ашыкча суюктуктан улам жүрөктүн чоюлушунун натыйжасында жүрөктөгү сенсорлор мээге абал жөнүндө сигнал жиберишет. Мээ анын негизинде бөйрөккө барган тамырларды жөнгө салып кандын сүзүлүшүн көбөйтөт. Кан басымынын жогорулашы, б.а. суюктуктун көлөмүнүн көбөйүшү адамга абдан чоң коркунуч туудурат. Эгер чара көрүлбөсө, бул өлүм менен аяктайт. Бирок мындай болбойт жана жогору кан басымынан денени коргоочу процесстер сериясы башталат. Кан басымынын көтөрүлүшү жүрөктүн көбүрөөк чоюлушуна себеп болот. Натыйжада булчуң талчалары да бири-биринен алыстайт жана талчалардын ичине камалган кабарчы молекулалар эркиндикке чыгып канга аралашат. Анан бул кабар кан аркылуу бөйрөктөргө жетет. Анын негизинде денеден чыгарылган суюктуктун көлөмү да өсөт. Натыйжада кан басымы кадимки деңгээлине түшүп, жүрөк кадимки шартта согууну улантат.
 |
1. angiotensinogen 2. liver 3.blood 4. angiotensin I 5. renin
|
6. kidney 7. ACE 8. lungs 9. angiotensin II 10. blood vessel
|
The system that's vital for regulating blood pressure
|
Кан басымын жөнгө салуудагы бөйрөктүн ролу муну менен эле чектелбейт. Кан басымы төмөн болгон учурларда болсо бөйрөктөгү өзгөчө түзүлүштөгү JGA клеткадан «ренин» аттуу бир зат бөлүп чыгарылат. Бирок бул зат түздөн-түз кан басымын көтөрбөйт. Бул зат чыккан жеринен такыр башка бир жерден, боордон чыгарылган «ангиотензиноген» аттуу бир молекула менен биригип, «ангиотензин-1» молекуласына айланат. Бирок бул гормондордун дагы кан басымына өтө олуттуу бир таасири болбойт. Кан айланууда жүргөн бул гормон андан соң дагы башка бир органда, өпкөдө кездешкен «ACE» деп аталган жана бир гана «ангиотензин-1» молекуласын бөлө алган бир фермент аркылуу башкача бир молекулага, б.а. «ангиотензин-2» молекуласына айланат.
Тамырларга таасир берип, кан басымын кадимки деңгээлге чыгара турган негизги гормон мына ушул акыркы молекула болот. Бул молекула пайда болбосо, андан мурда чыгарылган эч бир гормон кан басымына таасир бере албайт. Ангиотензин-2 молекуласы бир гана аны менен бириге турган, тамырдын бетинде жайгашкан кабылдагычтар менен бириккен соң тамырлар кысылып, кан басымы жогорулайт.
Бул жерде эң негизги жагдай – бул заттардын таасиринин бири-биринен көз-каранды болушу. Алардын бирөөсү болбосо, экинчиси да болбойт. Демек, бир этабынын дагы кокустан пайда болушу мүмкүн эмес болгон бул системанын бүт бөлүктөрүнүн бир учурда, бир денеде кокустан пайда болушу эч мүмкүн эмес. Кокустуктардын бөйрөктөргө түшүнүү жөндөмүн, керектүү чараларды көрүү эркин бере албашы талашсыз. Бул түзүлүштөрдүн баарынын бир учурда пайда болгону алардын Аллах тарабынан жаратылгандыгын апачык далилдейт.
20. Кан айлануу системасындагы аң-сезим
Дене тканьдары азыктана алышы үчүн талап кылынган эң негизги заттардын бири – бул кычкылтек. Ошондуктан тканьдарга тынымсыз жетиштүү санда кычкылтек жеткирүү керек. Дененин ичиндеги кемчиликсиз системанын эң негизги бөлүктөрүнүн бири болгон кан айлануу системасы бул кычкылтек ташуу милдетин кемчиликсиз аткарат. Тканьдардагы кычкылтектин көлөмү азайганда, тканьга баруучу кандын агымы АВТОМАТТЫК түрдө бир топко көбөйөт. Ал тургай, керек учурларда кандын агымынын жети эсеге чейин өсөөрү аныкталган.
 |
1. Blood circulation in the body 2. Capillaries 3. Blood vessel
|
4. Body tissue 5. Oxygen-carrying red blood cells
|
When the level of oxygen in the organs drops, a message is sent to speed up the circulatory system. As a result, the increased blood flow to the tissues lets organs satisfy their need for oxygen.
|
That is God, your Lord. There is no deity but Him, the Creator of everything. So worship Him. He is responsible for everything. (Qur'an, 6: 102)
|
Бул системанын бөлүктөрү – эч кандай аң-сезими, билими же чечим алуу механизми болбогон тканьдар, клеткалар, кан тамырлары жана белоктор. Андай болсо, кан айлануу системасына тканьдарда кычкылтектин көлөмүнүн азайганын кабар берген, кан айлануу системасына кандын агымын ылдамдат деп буйрук берген, коркунучтан өткөн соң кандын агымын кадимки абалына кайтарган илим, акыл жана чечим жөндөмү кимге тиешелүү? Кайсы клеткага кайсы кабарды жеткирүү керек экенин чечкен, клеткалар түшүнө турган бир тилде бул кабарды жиберген ким? Же кабарды алган клеткалар аны кантип окуп, кантип түшүнүп турмушка ашырышат? Бир клеткада окуу жана түшүнүү жөндөмүнүн болушу мүмкүн эмес. Мунун дагы көптөгөн майда-бараттарын изилдөөгө болот, бирок дайыма бир гана жыйынтыкка барабыз: дененин ичинде бул процесстерди жасай ала турган, кандагы кычкылтектин көлөмүн тең салмакка сала турган бир аң-сезим жок. Адам өзү болсо көбүнчө мындай механизмдин бар экенинен да кабарсыз жашайт.
Ааламдагы жандуу-жансыз бүт нерселер сыяктуу, денебиздеги бүт түзүлүш, системалар дагы Аллахтын буйругу менен кыймылдайт. Бүт жандыктардын денелеринде, органдарынан клеткаларына, белокторунан молекулаларына чейин бүт атомдорунда көрүлгөн акыл – Аллахтын жараткан чыгармасы.
Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз пайда кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)