24 Haziran 2016 Cuma

Клеткадагы Аң-Сезим (21-30)

Клеткадагы Аң-Сезим (21-30)

21. Тамырларды бошоңдотуучу кереметтүү молекула: азот кычкылы

verses
It is He Who is Allah in heaven and Allah on earth; and He is full of Wisdom and Knowledge.(Qur'an, 43:84)
1998-жылы Физиология жана медицина тармагы боюнча Нобель сыйлыгын алган үч илимпоз тамырда чыгарылган азот кычкылы (NO) атуу молекуланын бошоңдотуучу касиети бар экенин ачышкан. Бул молекула аркылуу тамырдын капталынын чыңалуусу жөнгө салынат. Бирок азот кычкылы бул жумушту өзү жалгыз жасабайт. Ал тамырдын капталынын бошоңдошунда ортомчулук кызматын аткарат.
Бул процесс чынжырынын кандайча ишке ашаарын жакшыраак түшүнүү үчүн схемадан карасак болот. Тамыр бошоңдошу үчүн башында кандагы кээ бир сигнал жеткирүүчү гормондор ишке киришет. Булар тамырдын чел кабыгындагы кабылдагычтарга туташып, бул процесстин башталышына себеп болушат. Муну биринчи ташынын кулашынан улам бири-бирин катары менен кулаткан домино таштарына салыштырууга болот. Биринчи таш кулаган соң, б.а. кандагы сигнал жеткирүүчү гормон тамырдын чел кабыгындагы кабылдагычка туташкан соң клетканын мембранасы эмне кылуу керек экенин «түшүнүп», азот кычкылын чыгарып баштайт. Чыгаары менен эмне кылуу керек экенин «билген» азот кычкылы молекулаларынын кээ бирлери тездик менен тамырдын жылма булчуң клеткаларына келишет. Бул жерде клеткага кирип GTP аттуу фермент менен биригишет. Бул экинчи этап. Тамыр бошоңдошу үчүн кийинки этапка өтүү керек болот. Азот кычкылы GTP менен бириккен соң cGMP аттуу башка бир фермент чыгарылып баштайт. Албетте, бул жаңы заттын дагы бул чынжырда белгилүү бир кызматы бар жана аны аткаруу үчүн миозинге барып, аны стимулдайт. Миозин булчуң клеткаларынын чыңалып-бошоңдошуна таасир берүүчү бир фактор. Бул акыркы этап болуп саналат. Миозиндин кыймылга келиши менен акыркы таш да кулап, булчуң клеткалары бошоңдойт.
Эми бул этаптардын баарын дагы бир жолу элестетип көрүңүз. Көңүл бурган болсоңуз, бул процессте кызмат кылган гормон жана клеткалар пландуу иш алып барышууда. Кандагы сигнал жеткирүүчү гормондор тамырдын чел кабыгында алар үчүн белгиленген жерге барып, ал аймакка таасир берип, бул процессти башташат. Мындан кийинки процесстерде дагы ушундай эле аң-сезим бар. Ар бир сигнал капкараңгы адам денесинин ичинде эч жолунан адашпай, дайыма туура дарекке барып, ийгиликтүү натыйжага жетишет.
Клеткалардын, гормондордун жана молекулалардын мындай аң-сезимдүү кыймыл-аракеттеринин себеби эмнеде? Бул аң-сезим алардын өздөрүнө тиешелүү болушу мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн эмес. Бир клетканын качан, эмне чыгараарын ага айтып тура турган, гормондун же молекуланын туура дарекке барышы үчүн ага жол көрсөткөн, туура даректи билдирген, кыскасы булардын баарын башкарган бир акыл жана аң-сезим болушу керек. Бул чексиз акыл клетканы, гормондорду, молекулаларды жараткан, кандай кыймыл-аракет кылаарын аларга илхам кылган Аллахка тиешелүү.
blood vessel, Nitric Oxide
1. Outer layer
2. Smooth muscle
3. Elastic white fibrous tissue
4. Blood vessel's inner lining
5. Hormones make their way through a blood vessel,
6. And bind onto receptors on the blood vessel lining.
7. A chain reaction is initiated
8. The vessel lining begins production of nitric oxide.
9. Nitric oxide molecules reach the vascular smooth muscle cells.
10. Nitric oxide binds onto an enzyme in the cell.
11. In this way, the activated enzyme begins to synthesize cGMP from GTP.
12. cGMP then travels to the myosin and activates it.
13. As a result, the muscle cells relax and dilate.

22. Дарвинизмдин канчалык чоң сандырактык экенин көрүүгө бир эле мисал жетет!

Дарвинизм «кокустан болгон миллиондогон кубулуштар жансыз заттарга жан киргизип, кемчиликсиз иштөөчү, кемчиликсиз долбоорлуу түзүлүштөрдү пайда кылган» деген пикирди жактаган, такыр логикасыз бир көз-караш. Дарвинизмдин канчалык чоң сандырактык экенин түшүнүү үчүн төмөнкү мисалды окушуңуз дагы жетиштүү болот.
Кандагы ташыгыч белоктордун бири альбумин холестерол сыяктуу майларды, гормондорду, уулуу өт зилин жана пенициллин сыяктуу дарыларды өзүнө жабыштырат. Андан соң кан менен бирге денени кыдырып, ууларды боордо зыянсыз абалга келтирилиши үчүн калтырып, азык менен гормондорду болсо керектүү жерлерге жеткирет. Эми бир ойлонуп көрүңүз жана өзүңүзгө төмөнкү суроолорду узатыңыз:
  • • Альбумин деген атомдордон турган, эч бир илими, аң-сезими жок бир молекула кантип майларды, ууларды, дарыларды, азыктарды бири-биринен айырмалай алат?
  • • Кантип боорду, өттү, ашказанды таанып, ташыган заттарын адаштырбастан, жаңылбастан, эч ката кетирбестен дайыма туура жерге жана керектүү өлчөмдө калтыра алат?
albumin proteins
1. Capillaries
2. Plasma proteins in capillaries shown in green
3. Plasma albumins
4. Albumin binds to certain substances in the blood. Transporting the toxic ones to the liver and others to their respective destinations, it serves as a flawless distribution system.
5. The albumin proteins collect toxic substances and transport them via the bloodstream, to the liver.
6. Liver
Your deity is God alone, there is no deity but Him. He encompasses all things in His knowledge. (Qur'an, 20: 98)
Кандагы уулуу заттарды, дары жана азыктарды микроскоптон көрсөңүз –медицинадан билим алган эмес болсоңуз- буларды сиз дагы бири-биринен айырмалай албайсыз. Кайсы органга кайсысынан канча калтыруу керек экенин болсо эч качан биле албайсыз.
Адамдардын көпчүлүгү атайын бир билим алмайынча биле албай турган мындай маалыматтарды аң-сезимсиз бир канча атомдон турган альбумин молекуласы билүүдө жана миллиондогон жылдан бери бүт адамдардын денесинде өз милдетин эч катасыз орундатып келүүдө. Албетте, бир «атом жыйындысынын» мындай аң-сезимдүү иштерди жасашы Аллахтын чексиз кудурети жана илими менен болууда.
«Силердин Кудайыңар бир гана Аллах, Андан башка кудай жок. Ал илим жагынан бүт нерсени ороп-курчаган.» (Таха Сүрөсү, 98)

23. Денеңиздеги ар бир белоктун кемчиликсиз долбоору жана өтө маанилүү кызматтары бар!

Аллахтын бар экендигинин далилдерин айтып берүү кокустуктардын жаратуу күчүнүн жок экенин көрсөтүүдө эң жакшы ыкма болуп саналат. Өз денебизден бир мисал келтирели.
Өйдө туруудан колубузду көтөрүүгө чейин бүт кыймылдарды булчуңдарыбыз аркылуу жасайбыз. Бул кыймылдарды жасашыбыз үчүн булчуң клеткаларыбызга тынымсыз кычкылтек барып турушу керек. Булчуң клеткаларына кычкылтек жеткирүү жумушун болсо денедеги белоктордун бири миоглобин аркалайт. Миоглобин канда кычкылтек ташуу кызматын аткарган гемоглобин аттуу башка бир белокко жалпысынан абдан окшошуп кетет. Бирок миоглобин гемоглобинден айырмаланып бир гана кычкылтекти батыра алат. Миоглобиндин бул касиетинин урматында булчуңдарга кычкылтек аз-аздан, белгилүү бир санда жеткирилет.
Myoglobin, hemoglobin
1. Myoglobin.
2. Hemoglobin
3. Myoglobin, which carries oxygen to muscle cells only
4. Hemoglobin in blood vessels that transports oxygen to cells
5. myoglobin
6. oxygen
7. hemoglobin
8. O 2
Myoglobin, assigned the duty of transporting oxygen to the muscles, has the capacity to carry one oxygen molecule. But hemoglobin, which transports oxygen to other tissues, has a higher oxygen-carrying capacity. In this way, each kind of tissue receives just the needed amount of oxygen.
Is He Who creates like him who does not create? So will you not pay heed? (Qur'an, 16: 17)
Бир саамга канда кычкылтек ташыган гемоглобин менен булчуңдарда кычкылтек ташыган миоглобиндин орду алмашып калды деп элестетели. Анда миоглобин денеге керектүү кычкылтекти өпкөдөн ташууда жетишсиз болуп калмак. Ал эми гемоглобин болсо булчуңдарга керегинен ашыкча кычкылтекти, болгондо да бир учурда жеткирип салмак. Натыйжада бүт дененин тең салмактуулугу бузулмак. Бирок мындай болбойт жана бул эки белок дайыма өз ордунда болот. Мунун урматында эч кыйналбай дем алып, каалагандай кыймылдай алабыз.
Гемоглобин менен миоглобин адам денесиндеги белоктордун экөөсү гана. Денедеги башка белоктор дагы ушул сыяктуу дал керектүү өзгөчөлүктө жана керектүү жерде өндүрүлүшөт. Бул мисалдардан көрүнүп тургандай, адамдын денеси кокустан пайда болушу эч ыктымалсыз болгон кемчиликсиз түзүлүштө жаратылган. Аны бүт ааламдардын Рабби Аллах жараткан.
Жаратуучу эч жаратпаган сыяктуубу? Эми насаат алып, ойлонбойсуңарбы? (Нахл Сүрөсү, 17)

24. Каталарды табуучу ферменттер

verses
To Him belongs every being that is in the heavens and on earth: all are devoutly obedient to Him. (Qur'an, 30:26)
Дененин маалымат базасы болгон ДНКда кээ-кээде тышкы факторлордун натыйжасында кээ бир каталар болуп калышы мүмкүн. Бирок бул каталар ДНКнын контроль механизмдери тарабынан ошол замат оңдолот. Оңдоо ишин болсо кайра эле ДНКдагы маалыматтардын негизинде өндүрүлгөн ферменттер жасашат.
Оңдоо процесси бир канча этаптан турат:
  • 1. Бир жери жабыркаган ДНК тизмегинин каталуу бөлүгү ДНК-нуклеаза аттуу фермент тарабынан аныкталат.
  • 2. ДНК-нуклеаза өзү тапкан каталуу бөлүктү үзүп салат. Натыйжада ДНК спиралында бир боштук пайда болот.
  • 3. Экинчи бир фермент ДНК-полимераза катасыз копиядан туура маалыматты алып, бош жерге туура маалыматты жайгаштырат.
  • 4. Бирок оңдоо иши муну менен эле бүтпөйт. Оңдоо жасалган жердеги кант-фосфат тизмегинде бир үзүк пайда болгон болот. Бул үзүк болсо ДНК-лигаза ферменти тарабынан оңдолот.
Кылган ишинен да көрүнүп тургандай, ДНКдагы каталарды оңдоодо кызмат кылган ферменттерде бир качан өзгөчөлүктөр болушу зарыл. Каталарды аныктай алуу үчүн ДНКны эң мыкты таанышы керек. Мындан тышкары, туура маалыматты каерден алаарын жана пайда болгон боштукту кантип толтуруу керек экенин да билиши зарыл.
Эң кызыгы, ДНКны өндүргөн жана анын түзүлүшүн текшерип турган бул ферменттер кайра эле ДНКда жазылган маалыматтардын негизинде жана ДНКнын буйругу жана контролу менен өндүрүлгөн белоктор болуп саналат. Бул жерде бири-биринен көз-каранды, кереметтүү бир система бар; мындай системанын кокустуктардын натыйжасында, этап этап менен пайда болушу такыр мүмкүн эмес. Себеби фермент болушу үчүн ДНК болушу керек, ДНК болушу үчүн болсо фермент болушу зарыл, экөө тең болушу үчүн болсо клетка, мембранасынан баштап бүт комплекстүү органеллдерине чейин, толугу менен бар болушу керек.
Тирүү организмдер көптөгөн «пайдалуу кокустуктардын» натыйжасында «этап этабы менен» келип чыккан деген эволюция теориясы бул ДНК-фермент парадоксу тарабынан толук жокко чыгарылууда. Себеби ДНК менен фермент бир учурда, чогуу пайда болушу керек. Бул болсо Раббибиздин кудуреттүү жаратуусун көрсөтөт.
Асмандардагы жана жердегилер Ага тиешелүү; баары Ага «чын көңүлдөн моюн сунган» абалда. (Рум Сүрөсү, 26)
DNA synthesis
1. During DNA synthesis, the DNA nuclease enzyme individually checks each paired strand for mistakes.
2. Upon detecting a mistake, it immediately removes the incorrect chemical.
3. At this point, the DNA polymerase enzyme takes action to bring the correct chemical.
DNA synthesis
4. Using this proper component, DNA polymerase then fills in the gap.
5. A third enzyme called DNA ligase detects the broken strand and arrives at the site.
6. And using the right materials, it fills in the gap.

25. Дарвинизмге ишенүү жомоктордун чындык экенине ишенүү сыяктуу эле логикага туура келбейт

Төмөнкү таблицадагы тамгалар туш келди тизилген. Бул тамгалар негизи каныңызда кычкылтек ташуу милдетин аткарган гемоглобин белогунун сүрөттөлүшүнүн бир бөлүгү. Бул сүрөттөө дене жөнүндөгү бүт маалыматтар камтылган ДНКда жазылган. Гемоглобин өндүрүү керек болгондо, ДНКдагы 3 миллиард тамганын арасынан ушул тамгалар тандалат. Бул тандоо ишин РНК-полимераза аттуу фермент жасайт. Бул фермент жумушун ушунчалык кунт коюп жасагандыктан, окууда жана туура тамгаларды тандоодо эч качан ката кетирбейт. Ар дайым миллиарддаган тамганын арасынан туураларын тандайт.
Туура тамгаларды тандап, белоктун сүрөттөөсүн алган соң өндүрүш үчүн клетканын ичиндеги өндүрүш борборуна, б.а. рибосомага барат.
Рибосома да бул сүрөттөөнү абдан кунт коюп окуп, түшүнүп, ошол замат эч катасыз өндүрөт.
hemoglobin, dna
The letters below are instructions for the production of hemoglobin. When the body needs hemoglobin, an enzyme called RNA polymerase identifies these letters one by one, out of three billion letters of the DNA, makes a copy of them, and orders them in the correct sequence. Later, it ferries the copied instructions to the site in the cell where production will take place.
Бул абдан алдыңкы технологиялуу бир бийик имараттын планынын архитектор, инженерлер тарабынан түзүлгөн соң, аны куруу үчүн тиешелүү адис жана техниктерге тапшырылышы сыяктуу пландуу жана мыкты уюштурулган бир иш-аракет.
Дарвинисттер болсо көзгө көрүнбөй турганчалык кичинекей бир аянттагы бул мыкты уюштурууну кокустан пайда болгон дешет. Жансыз, көзү жана аң-сезими жок атомдордон турган молекулаларды акылдуулук менен, кемчиликсиз бир план жана тартипти башкарып, ишке ашырышууда дешет.
Дарвинизмдин бул сөздөрүнө ишенүү жаш бала жомокторун чындык деп ойлой турганчалык логикасыз жана чындыктан алыс. Бирок дарвинизм сыйкыр жана гипноз ыкмаларын колдонуп, көп адамдарды алдап, баамдоо жөндөмүн жаап койгон.

26. Илимдүү, аң-сезимдүү жана жөндөмдүү ферменттер

Бир клеткада белгилүү бир белокту өндүрүү керек болгондо, РНК-полимераза аттуу бир фермент клетканын маалымат базасы болгон ДНКга барып, ДНКдан өндүрүлө турган белок менен байланыштуу маалыматтарды таап, өзүнө бир копиясын алат. Бирок кээде белок жөнүндөгү маалыматтар ДНКнын ар кайсы жеринде чачыранды абалда болуп калат. Ошондуктан РНК-полимераза ферменти маалыматтын башталган жеринен бүткөн жерине чейинки бөлүктүн баарын копиялаганда, ортодо керексиз жерлерди да копиялаган болот. Ортолордо керексиз маалыматтардын болушу болсо башкача жана ишке жараксыз бир белоктун өндүрүлүшүнө себеп болот. Мындай жагдайда «сплайсосома» (spliceosome) аттуу ферменттер жардамга келип, өтө адистик менен жүз миңдеген маалыматтын арасынан керексиздерин тандап чыгарып салып, калган тизмектерди бири-бирине улашат.
«РНКны улоо» деп аталган бул процессте бир канча атомдун биригишинен келип чыккан молекулалар абдан акылдуу иш-аракеттерди жасашат. Бир редактордой болуп, тексттеги кемчиликтерди, каталарды оңдошот. Бул атомдор РНК-полимеразанын кайсы белокту өндүрүүгө аракет кылып жатканын билип, ал белоктун жасалышы үчүн керектүү жана керексиз маалыматтарды бири-биринен айырмалай алууда, жана болгондо да бул жумушту жүз миңдеген маалыматтын арасында эч ката кетирбей жасай алууда. Мындан тышкары, аларга бир муктаждык пайда болоор замат муну түшүнүп, эч кечикпестен окуя болуп жаткан жерге келип, өз жумушун башташат.
dna copy
1. When a protein is going to be synthesized, instructions in the DNA are copied.Sometimes, however, the instructions can be found scattered throughout the DNA, so that the other, irrelevant bits of DNA are copied as well. In the above diagram, the irrelevant part of the DNA is marked in red. This must be deleted if the protein is to be synthesized correctly.
2. At this point, enzymes called spliceosomes come to the rescue and start to bend the copied strand around, so that the unwanted bit forms a loop.
3. At the end of this process, the unwanted portion of DNA is broken off. The relevant parts are then joined together, and the instructions for making the protein sent to the production factory in the cell.
Бул жерде айтылгандар клетканын ичинде болуп жаткан миллиондогон процесстердин бирөөсүнүн кичинекей бир этабы гана. Мындай аң-сезимди, билимди, акылды, жөндөмдү, жоопкерчилик сезимин жана кызматташтыкты талап кылган кыймыл-аракеттерди аң-сезимсиз атомдордун өз алдынча жасашы эч мүмкүн эмес.
Бирок эволюционисттер табият ушунчалык кемчиликсиз бир системаны кокустан пайда кылган дешип, логикага, акылга жана илимге каршы келишүүдө. Эч ишенилбес нерселерге ишенген эволюционисттер табият кереметтерди пайда кылып, аң-сезимсиз атомдорго кокустан аң-сезимдүү жана акылдуу иш-аракеттерди жасатууда дешет.
Бирок эволюционисттер жаңылып жатышат. Бүт бул аң-сезимдүү жана пландуу иштерди жөнгө салып, башкарган Аллах.
Асмандарды жана жерди акыйкат менен жаратты жана силерге тартиптүү бир калып (келбет) берди; келбетиңерди сулуу кылды. Ага кайтасыңар. (Тегабүн Сүрөсү, 3)

27. Сөөк клеткаларынын өндүрүштү пландоо жөндөмү

Сөөктөрүбүз биринчи калыптанып баштаганда кемирчек болушат. Бара бара бул тканьдын ички бөлүгү катуу боло баштайт. Андан соң кемирчек кан тамырлары менен бирге остеобласт жана остеокласт аттуу белгилүү сөөк клеткалары тарабынан оролуп баштайт. Остеокласт клеткаларынын милдети катуулашкан кемирчекте оюктарды жасоо болуп саналат. Муну атайын бир ферменттерди чыгаруу аркылуу жасашат. Остеокласттар сөөктү бузуп жаткан учурда остеобласт клеткалары да жөн турушпайт жана скелетти калыптандыруу үчүн сөөк түзүлүшүн пайда кылып башташат.
Бул эки клетка тобунун ортоктошуп иш алып барышынын натыйжасында сөөктөр чоңоюп скелетти түзүшөт.
Бала кезде остеобласттардын жумушу көбүрөөк болот, себеби чоңоюу абдан ылдам жүргөндүктөн, сөөк жасоо сөөктү бузуудан көбүрөөк болушу керек. Бирок сөөк белгилүү бир жетилүү деңгээлине жеткен соң жасоо жана бузуу процесстери бири-бирин тең салмактап баштайт.
human skeleton
1. Bone cells
2. Cartilage
3. Ossification centers
4. Developing cartilage
5. Newly ossified cartilage
6. Formation of bone marrow
7. Skeleton
The human skeleton shown above was built, step by step, by tiny cells. Just like tiny sculptors, bone cells carve out the body's skeleton with great care. Who has inspired them with the knowledge of every step and how to adjust the hardness, length, shape, cavities and lumps, and points of connection? The One Who designed and built all of this so perfectly is Almighty God.
That is God, your Lord. There is no god but Him, the Creator of everything. So worship Him. He is Responsible for everything. (Surat al-An'am:102)
Ар бир адамдын сөөгүндөгү бул клеткалар бирдей иштерди жасашат. Баары сөөктүн үстүңкү бетин кантип жасоону билишет. Баш сөөгүндөгү сөөктөр менен кашка жиликтин арасындагы айырманы билип, бул сөөктөргө кандай форма берээрин, качан өсүүнүн токтоорун, ичкелик жана жоондугунун кандай болоорун билишет. Балалык доорун да билишет. Бул доордо жумушунун көбүрөөк экенин билип, ошого жараша иш алып барышат.
Бул процесстердин кезегинде эч башаламандык чыкпайт. Ар бир клетка тобу дал керектүү учурда активдешет. Бул пландуу иш-аракеттердин натыйжасында бүт сөөктөр өз милдетин эң мыкты аткара ала турган түзүлүшкө жана формага жетишет.
Сөөк клеткалары мындай өндүрүш жана пландоо жөндөмүн кайдан алышкан? Аң-сезимсиз атомдордон турган бир клетка план түзө албайт. Чечим чыгара албайт. Денедеги тең салмактуулуктарды биле албайт. Муктаждыктарды сезип чара көрө албайт. Бирок адам денесиндеги триллиондогон клетканын баары адамдай кыймыл-аракеттерди жасап, ал тургай, адамдан да акылдуу болушууда. Бул клеткалардын жогорку бир күч-кудурет тарабынан башкарылып тураарын көрсөтөт. Клеткаларга эмнелерди кылаарын илхам кылган – бул улуу кудуреттүү Аллах.

28. Жаратылган нерселердеги укмуштуу гармония дарвинизмди жокко чыгарат

blood cellДарвинизм көз-карашы боюнча, бүт нерселер кокустуктардын жана хаостун натыйжасы. Бирок бүт ааламда ушунчалык кемчиликсиз бир тартип, укмуш бир гармония жана кылдат бир тең салмактуулук орун алгандыктан, дарвинисттердин «кокустук» көз-караштары жер менен жексен болууда. Денеңиздин көзүңүз менен көрө албай турган бир бөлүгүндөгү долбоор сизге бул чындыкты көрсөтөт: каныбызга кызыл түсүн берген эритроциттер, кан клеткалары. Эритроциттер жалпак дискке окшошот жана абдан ийкемдүү болушат. Бул өзгөчөлүгүнүн адам өмүрү үчүн абдан чоң мааниси бар.
Эритроциттер мындай ийкемдүү болбогондо, дененин көп жеринде тыгылып калышмак. Себеби эритроциттердин диаметри ичинде жүргөн тамырлардын диаметринен дээрлик эки эсеге чоң. Бирок ийкемдүү болушканы үчүн бул эч маселе жаратпайт жана тамырлардын ичинде эч кыйынчылыксыз жүрө алышат.
Эгер эритроциттер мындай ийкемдүү болбогондо эмне болмок?
Кант диабетинде мына ушундай маселе келип чыгат. Кант диабети менен ооругандардын кан клеткалары көбүнчө ийкемдүүлүгүн жоготуп, көздөрүндөгү назик тканьдарга ийкемсиз кан клеткалары тыгылып калат. Бул болсо сокурдукка себеп болот.
Көрүнүп тургандай, организмдердеги бүт түзүлүштөр жана бүт системалар кокустуктарга эч жол бербей турганчалык так, бири-бири менен гармонияда жана тең салмакта. Себеби алардын баарын улуу кудуреттүү жана баарын билүүчү Аллах жараткан.
Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан. Рахман (Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» таба албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн үзүп чарчаган абалда сага кайтат. (Мүлк Сүрөсү, 3-4)
red blood cells
The shape and elasticity of red blood cells let them pass through the finest capillaries with ease.
He Who created the seven heavens in layers. You will not find any flaw in the creation of the All- Merciful. Look again—do you see any gaps? Then look again and again. Your sight will return to you dazzled and exhausted! (Qur'an, 67: 3-4)

29. Кандагы кычкылтекке аңчылык кылган гемоглобиндер

blood, Hemoglobin
1. Heme Groups
Денебиздеги бүт клеткаларга кычкылтек кандагы эритроцит клеткалары аркылуу жеткирилет. Кычкылтек молекулалары канда эркин абалда жүргөндө эритроциттер аларды кармашы керек болот. Аларды кармоо жумушун болсо эритроциттердеги гемоглобин аттуу белок аткарат.
Эритроциттер атайын гемоглобинди ташууга ыңгайлуу кылып долбоорлонгон. Гемоглобин эритроциттин 90%ын ээлейт жана ошондуктан эритроциттин ичинен башка клеткаларда болчу ядро, митохондрия сыяктуу органеллдер чыгарылып салынат. Натыйжада гемоглобин жетиштүү санда кычкылтек кармай алат.
Гемоглобин кычкылтекке эч тийбестен, бир кычкач менен кармагандай кармайт. Себеби кычкылтек атомдоруна тийсе, гемоглобин күйүп кетет жана натыйжада кычкылтекти башка клеткаларга жеткире албай калат.
Бирок кадимки шарттарда гемоглобин кычкылтекти эч тийбей кармай ала турган бир система менен жаратылгандыктан, мындай коркунуч туулбайт.
Гемоглобиндин кычкылтекти кармоо механизми төмөнкүдөй: гемоглобин төрт түрдүү белоктун биригишинен пайда болот жана бул төрт белокто темир атомун алып жүргөн атайын бөлүктөр бар. Темир атомун алып жүргөн бөлүктөр «гем топтору» деп аталат. Мына ушул «гем топтору» гемоглобиндеги кычкылтекти кармоого жөндөмдүү атайын кычкачтар болуп саналат. «Гем топтору» кычкылтекке тийбей аны кычкачтай кармап, тканьдарга жеткириши үчүн молекуланын ичинде атайын каттар жана бурчтар болот. Кармоо учурунда бул бурчтар белгилүү бир деңгээлде өзгөрөт.
Көрүнүп тургандай, дененин көзгө көрүнбөгөн кичинекей бөлүктөрүнүн арасында дагы абдан кемчиликсиз бир гармония бар. Мындай гармониянын кокустан келип чыгышы эч мүмкүн эмес. Эритроциттердин ичин бошотуп гемоглобинге орун даярдаган, гемоглобин күйүп кетпеши үчүн кычкылтектерди кармай ала турган күйбөс кычкачтарды жараткан, гемоглобинди кычкылтек аңчысы кылып программалаган, гемоглобиндин кычкылтек молекулаларын таанып, башкалардан айырмалашына шарт түзгөн, кармаган кычкылтек молекулаларын каерлерге тапшырышы керек экенин гемоглобинге көрсөткөн – кокустуктар эмес. Буларды кокустан келип чыккан деп айтуу акыл менен логикадан чыгуу болуп саналат. Булардын баары Аллахтын бар экендигинин, бүт баарын Анын жараткандыгынын, чексиз илиминин жана акылынын көрсөткүчтөрү.

30. Дем алуу каналдарындагы багытты катасыз аныктоочу түкчөлөр

Дем алганда негизи аба менен бирге көптөгөн чаңдарды да жутабыз. Бирок денеге зыяндуу көп заттар өпкөлөргө жете албастан, белгилүү коопсуздук эшиктеринде кармалып жок кылынат.
Мурундан бронхторго (колко) чейин бүт дем алуу жолдорунун бетин былжыр аттуу бир катмар каптап турат. Дем алуу жолдорунун бетин нымдап турган бул зат аба менен бирге кирген чаң сыяктуу майда заттарды кармап, өпкөгө киришине бөгөт болот. Бирок бул чоочун заттарды, былжыр тарабынан кармалган соң, дем алуу жолдорунда чогулуп калбашы үчүн сыртка чыгаруу керек болот. Муну болсо өзүнчө бир коопсуздук механизми жасайт.
Бул механизмде дем алуу жолдорунун бетин каптаган түкчөлөр деп аталган учтуу камчылар кызмат кылышат. Дем алуу жолдорунун бетиндеги клеткалардын ар биринде 200 түкчө болот. Булар секундасына 10-20 жолудан уруп, кекиртекти (тамакты) көздөй тынымсыз сокку жасап турушат. Бул жердеги түкчөлөр дайыма кекиртекти көздөй гана кыймылдашат. Натыйжада ичине чоочун заттар чогулган былжыр мүнөтүнө 1 см ылдамдык менен кекиртекти көздөй жылат. Мурундагы түкчөлөр болсо ал жердеги былжырды төмөн көздөй жылдыруу керек экенин билип, төмөн көздөй кыймылдашат. Натыйжада мурундагы былжырда чогулган заттарды кекиртекти көздөй жылдырышат. Андан соң ичине чоочун заттар чогулган былжыр же жутулуп тамак сиңирүү системасына жөнөтүлөт же жөтөл аркылуу денеден сыртка чыгарылат.
Cilia in the windpipe
Cilia in the windpipe, photographed by an electron microscope
And He has made everything in the heavens and eveything on the Earth subservient to you. It is all from Him. There are certainly signs in that for people who reflect. (Qur'an, 45: 13)
Бул мисалдардан көрүнүп тургандай, түкчөлөр көрө турган көзү, ойлоно турган мээси болбогону менен, алардын көлөмүнө салыштырганда канчалаган километр алыстагы кекиртектин ордун аныктай алышууда. Ошондой эле, чоочун заттарды өпкөгө өткөрүп жиберүүнүн денеге зыян тийгизээрин билип, буга жолтоо болуу үчүн баары керектүү багытты көздөй гана кыймылдашууда.
Илимпоздор ар кандай эксперименттерди жасап, ар кандай инструменттерди колдонуп көп жылдар изилдөө жүргүзгөнүнө карабастан, иштөө механизмин толук түшүнө албаган бир метрдин 2 миллиондон бириндей көлөмдөгү бул түкчөлөр жер жүзүндө алгачкы адам жаралгандан бери кемчиликсиз бир механизм менен иштеп келүүдө. Булар жараткан Аллахтын илхамы менен кыймылдагандыктан, эч бир кокустук пайда кыла албай турган кемчиликсиз бир механизм менен иштешет.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder