24 Haziran 2016 Cuma

Клеткадагы Аң-Сезим (41-50)

Клеткадагы Аң-Сезим (41-50)

41. Дарвинизмди жокко чыгаруучу гормондор

kidney
1. right adrenal gland
2. lymph tissue
3. right kidney
4. aorta
Сизге эч сезилбестен, денеңизде тынымсыз миңдеген буйруктар жиберилип, жашооңузду эң ыңгайлуу, эң оңой нукка салып турат.
Мисалы, толкунданганыңызда же коркконуңузда, нерв клеткаларыңыз ошол замат нерв системасына сигнал берет жана тездик менен, жолунан адашпай көздөгөн жерине жетип, бөйрөк үстүндөгү бездериңизди стимулдайт. Кабарды алган бөйрөк үстүндөгү бездер адреналин гормонун чыгарат. Адреналин гормону болсо канга аралашып, дээрлик бүт денеге коңгуроо кагат. Тамак сиңирүү органдарынын иш-аракетине бөгөт коюп, тамак сиңирүү процессин токтотот. Натыйжада тамак сиңирүүгө катышпаган маанилүү көлөмдөгү кан булчуңдарды азыктандыруу үчүн бошойт. Ошондой эле, жүрөктүн ритми ылдамдап, кан басымы жогорулайт. Өпкөлөрдүн бронхтору кеңейип, кычкылтектин кирүүсү жана кандын кычкылтекке байышы ылдамдайт. Кандагы канттын көлөмү жогорулайт. Бул болсо булчуңдарга кошумча энергия берет. Мындан тышкары, каректер кеңейип, көздүн жарыкка карата сезгичтиги жогорулайт. Бул таасирлердин баары чогулганда болсо, бир адам качабы, коргонобу же чабуул жасайбы, кандай гана болбосун, ар кандай шартка даярданып, күчтүү болуп калат.
Нерв клеткалары жансыз жана аң-сезимсиз атомдордон турат. Бирок бул атомдор дененин муктаждыгын заматта түшүнүп, дененин тиешелүү жерине эч кечиктирбей кабар жиберишет. Кабарды алган жер дагы, ушул сыяктуу эле, жансыз атомдордун жыйындысынан турат. Бирок, келген кабарды заматта түшүнүп, керектүү гормонду өндүрөт. Ал гормон болсо абдан акылдуулук менен өзүнүн өндүрүлгөн максатын мыкты түшүнөт жана бүт денени кыдырып, тиешелүү органдарга коңгуроо кагат.
Мынчалык аң-сезимдүү, пландуу, уюшкан жана белгилүү максатты көздөгөн бир системаны кокустан пайда болгон деп ойлоо акылга жана логикага карама-каршы келүү болуп саналат. Дарвинисттер бүт бул системалар менен органдарды кокустан пайда болгон деп, жаш балдар да күлө турган абалга түшүшүүдө.
Болжол менен 60 жашына чейин эволюцияны жактаган атеист бир философ болуп жашап, бирок андан соң чындыктарды көргөн Малколм Маггеридж дарвинизмдин бул абалын төмөнкүчө моюнга алган:
Мен өзүм эволюция теориясынын, өзгөчө жайылган тармактарында, келечектин тарых китептеринде эң негизги анекдоттордун бирине айланаарына ынандым. Келечек урпак мынчалык негизсиз жана күмөндүү бир гипотезаны адамдардын кантип ойлонбой кабыл алганына таң калышат. (Malcolm Muggeridge, The End of Christendom, Grand Rapids: Eerdmans, 1980, s; 43)
Бул кемчиликсиз системаларды улуу Жаратуучу Аллахтын жараткандыгы апачык көрүнүп турган бир чындык.
hormone's effects on the body
1. Pupils dilate
2. Capillaries in the skin contract.
3. The heart begins beating more strongly and faster.
4. The lungs expand.
5. Muscles expand.
6. Blood flow to the intestines slows down
7. The liver releases less sugar
When you get excited or frightened, the adrenaline hormone, secreted by the adrenal glands above the kidneys, sends the body into immediate high alert. The diagram summarizes this hormone's effects on the body.

42. Өпкөнүн өзүнө тиешелүү бир ыкчам коргонуу бөлүгү бар экенин билчү белеңиз?

Өпкөнүн өзүнүн ыкчам коргонуу бөлүгү бар. Кээ бир өпкө клеткалары бактерия менен микробдордун үстүнө табигый бир микроб өлтүргүч кошулманы чачуу аркылуу аларды нейтралдаштырышат. Ошентип дем алуу аркылуу денеге кирген жана өпкөгө жеткенге чейин тирүү калган микроб жана бактериялар бул жерде жок кылынат.
cells, lungs, microbes
Cells in the lungs have their own defense system. Immediately identifying microbes that enter the body through the respiratory tract, they secrete a substance that neutralizes these microbes.
That a tiny cell invisible to the naked eye can distinguish between microbes and other substances is a great miracle, because if it makes the wrong decision, it could neutralize a substance the body actually needs.
Өпкө клеткаларынын аларга зыян тийгизе турган заттарды таанышы, аларды жок кыла турган кошулманы билиши жана, ошондой эле, аны өндүрө алышы, албетте, мүмкүн эмес. Клеткаларда ойлонуу, билүү, чечим чыгаруу, план түзүү сыяктуу аң-сезимге тиешелүү өзгөчөлүктөр жок. Булардын баары асмандарды жана жерди белгилүү бир тартип менен жараткан, бир гармония жана чен-өлчөм белгилеген Аллахтын чыгармасы. Аллах бир клеткага дагы адамды таң калтыра турган аң-сезимдүү иштерди жасатуу аркылуу чексиз илиминин жана акылынын далилдерин көрсөтүүдө.

43. Ферменттер болбогондо бул текстти 40 миң жылда араң окумаксыз!

Enzyme, Molecule
1. Molecule 2.Enzyme
The diagram at left shows an enzyme about to bind to a molecule
Ферменттер – бул жашоонун негизин түзгөн жана жашоо менен байланыштуу химиялык өзгөрүүлөрдү «керек учурда» ылдамдаткан белок молекулалары.
Бир фермент бир реакцияны 1010, б.а. 10 миллиард эсе ылдамдата алат. Мындай ылдамдатуу болбогондо, 5 секундалык бир процесс, мисалы бир сүйлөмдү окуу 1500 жылга созулмак. Бул убакыт аралыгында башка көптөгөн керексиз химиялык реакциялар да жүргөндүктөн, жашоонун жайлаганы мындай турсун, жашоо мүмкүнчүлүгү толук жоголмок.
Ферменттердин дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү – бул алардын тандаганды билиши. Ферменттер дененин каалаган реакциясын ылдамдатып, кааланбагандарды ылдамдатышпайт. Эмненин кааланып, эмненин кааланбаганын кантип билишет? Ал үчүн денеде болуп жаткан бүт реакцияларды жана функцияларды билип, эмненин, качан жана кандай өлчөмдө керек экенинен кабардар болушу керек.
Мындан тышкары, ар бир фермент белгилүү молекулалар кирген химиялык реакцияларды гана ылдамдата алат. Фермент ал үчүн атайын бөлүнгөн молекуланын белгилүү бир аймагына гана туташа алат. Ал үчүн ферменттин формасы молекуланын тиешелүү аймагына бир ачкычтын кулпуга туура келишиндей туура келиши шарт. Башкача айтканда, фермент туура молекуланы таанып, ал молекуланын тиешелүү жерин билип, ошол жерге туташышы зарыл.
Көмүртек, суутек, кычкылтек сыяктуу аң-сезимсиз, жансыз атомдордон турган, мээси, көзү, акылы жана аң-сезими жок ферменттер реакцияны ылдамдатуу жоопкерчилигин эмне үчүн өз мойнуна алышкан, туура молекулаларды жана молекулалардын тиешелүү жерин кантип аныктай алышат? Кокустуктар жана аң-сезимсиз атомдор ферменттердин жашоого керектүү экенин кантип түшүнүшкөн?
Кокустуктарды жана аң-сезимсиз атомдорду кудай катары көргөн эволюция теориясы бул суроолорго жооп бере албайт. Бул суроолордун жообу мындай: ферменттерди жашоо үчүн улуу бир кудурет, Жаратуучу Аллах жараткан.

44. Мурда эч жолукпаган микробдорго каршы чара көрө алуучу антителолор

verses
And Allah makes the Signs plain to you: for Allah is full of knowledge and wisdom. (Qur'an, 24:18)
Адамдын денесине күн сайын көптөгөн микробдор кирет. Иммундук система буларды тездик менен жок кылууга аракет кылат. Бирок жок кылына албай калган кээ бир микробдор менен чоочун заттар кан айлануу системасына кирип, кооптуулук жаратат. Мындай микробдор «антиген» деп аталат. Иммундук системанын клеткалары антигендерге каршы «антитело» деп аталган заттарды өндүрүү аркылуу аларды жок кылууга же көбөйүшүнө бөгөт болууга аракет кылышат.
нтителолордун эң негизги өзгөчөлүгү; алар табияттагы жүз миңдеген түрдүү микробду таанып, өздөрүн аларды жок кылууга даярдай алышат. Бирок эң кызыгы, лабораторияларда жасалып, адамдын денесине киргизилген жасалма антигендерди да тааный турган антителолор бар.
Бир клетка кантип жүз миңдеген түрдүү чоочун клеткаларды тааный алат? Мындан тышкары, жасалма жол менен алынган бир затты кайдан биле алат? Антитело денедеги антигендерди кандайдыр бир жол менен тааный алат деп кабыл алган күндө дагы, мурда эч көрбөгөн бир антигенди тааный алышы таң калтырбай койбойт. Болгондо да, антителолор денеге жаңы кирген бул чоочун затты заматта таанып, ага каршы колдонула турган эффективдүү курал-жарактарды да тездик менен аныктап өндүрө алышат. Дененин ичиндеги бир механизмдин сырткы дүйнө жөнүндө мынчалык таң калыштуу маалыматтарды билишин, албетте, кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт. Бул жагдай эволюционисттерди чоң бир туюкка камоодо. Антителолордун денедеги ар кандай чоочун затты таануу касиетин өздөрүнүн теориясы менен түшүндүрө албаган эволюционисттер абдан логикасыз жана илимге сыйбаган сөздөр менен мындан кутулууга аракет кылышат. Эволюционист илимпоздордон Али Демирсойдун бир антителонун жасалма бир антигенди таанышы жөнүндөгү сөздөрү буга мисал боло алат:
ирок жыйырманчы кылымда жасалма жол менен синтезделген бир химиялык затка каршы антитело жасоо системасын мурда эле иштеп чыгып койгон клетканын демек көзү ачык.  (Prof. Dr. Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim, Meteksan Yayınları, Ankara, 1995, s. 420)
Профессор Демирсойдун сөзүнөн да көрүнүп тургандай, эволюционисттер организмдердеги системалардын кемчиликсиздигин кабыл алышат, бирок кызыктай жолдор менен түшүндүргөнгө аракет кылышат. «Бул бир эволюция керемети» же «бул клетка бир көзү ачык сыяктуу» деген сымал талисмандуу сөздөрү менен элди «гипноздогонго» аракеттенишет. Чындыгында болсо, бул жерде кереметтүү бир жагдай бар. «Көзү ачык» деп кээ бир маалыматтарды алдын ала билген киши айтылат. Бир клетканын бир нерсени билиши, болгондо да, өзүнөн абдан алыстагы нерселер жөнүндө маалыматынын болушу кереметтүү бир касиет. Жансыз атомдордун жыйындысынан турган бир клетканын кокустан, өзүнөн-өзү өзгөчө туюмдуу болуп калышы же жогорку маалыматтарды билип калышы, албетте, мүмкүн эмес. Мындай ойду айтуу акыл менен логиканын чегинен чыгуу деген мааниге келет. Антителолорго бул жөндөмдөр, эң майда-чүйдөсүнө чейин, чексиз илимдүү Аллах тарабынан берилген.
Antibodies
1. B cells
2. B cells are produced in the bone marrow
3. External antigens
4. B cells produce antibodies
5. Antibodies
6. Antibodies fit antigens perfectly

45. Иммундук клеткалар көп маалыматтуу бир эс-тутум менен жаратылышкан

Immune System
1. Bacterial waste products spread out.
2. wound
3. Bacterial waste products arising from microbes
4. Macrophage engulfs the bacteria.
5. Macrophage advances to the site of the wound.
6. Blood vessel
7. Macrophage arrives, via the blood vessel, at the site of the wound.
Денеңиздеги микробдук чабуулдардын сигналын заматта кабар алып, коргонуу коңгуроосун кагуучу клеткаларыңыз бар экенин канчалык билчү элеңиз?
Денеде кандайдыр бир инфекция болгондо, мисалы, ачык жараатыңыздын бетине микроб түшкөндө иммундук клеткалар ошол замат коңгуроо кагышат. Макрофаг аттуу бул иммундук клеткалар микробдордун чабуулун токтото алуу үчүн мүмкүн болушунча эң кыска убакытта инфекция болгон жерди аныктап, ал жерге баруулары зарыл. Инфекциянын ордун аныктоодо макрофагдар кээ бир өзгөрүүлөрдү байкашат. Мисалы, ал аймакта бактерия калдыктарынын пайда болгонун, инфекциялуу тканьдан зыяндуу заттар чыкканын жана ал жерде кандын уюшунан келип чыккан заттарды аныкташат. Эгер макрофагдар инфекциялуу тканьдын себебинен келип чыккан өзгөрүүлөрдү байкабаганда, денеге күн сайын келүүчү сансыз коркунучтардан коргоно алмак эмеспиз.
Бирок бул жерде кызыктуу бир жагдай бар. Макрофагдардын көпчүлүгү мындай чабуулду биринчи жолу көрүп жаткан болот. Анда бул микроскопиялык жандыктар тапкан нерселеринин бир коркунучтун сигналы экенин кайдан билишет? Бул жөнүндө атайын билим алышканбы?
Албетте, макрофаг деп аталган микроскопиялык клеткаларды «билим» алган деп айтууга болбойт. Бул маалыматтардын баары биринчи дүйнөгө келгенден баштап макрофагдардын эс-тутумунда болот. Жана аларга бул эс-тутумду берген, душмандан денени кандай коргоорун илхам кылган улуу бир кудурет бар. Иммундук клеткаларга дененин сыртынан келген бир чабуулдун натыйжаларын тааныштырып, аларды бул маалымат менен бирге жараткан – ааламдардын Рабби Аллах.
Immune System
When we hurt ourselves, we are certain that the wound will soon heal. But how few of us even think of who heals that wound?

46. Көрүп, бирок ойлонбогон нерселериңизде сансыз илим жана керемет жашырылган

blood clotting
1. Skin
2. Blood vessels
3. Red blood cell
4. Clotted blood
5. Fibrin drying out
6. Scab formation
7. Blood vessels
8. Red blood cell
9. White blood cell
Ар бир адам бычак манжасын кесип кеткенде, кандын кыска убакыт ичинде уюп, канабай калаарын билет. Мынчалык кыска убакытта кан кантип уюйт, денебизде кандай процесстер болот?
Кандын уюшун унаа жолунда бир кырсык болгондо, шашылыш чакыруу менен келген жол күзөт кызматынын жана тез жардамдын биринчи жардамына салыштырууга болот.
Дененин кандайдыр бир жери канаганда биринчи жардам тромбоциттерден келет. Тромбоциттер кандын ичинде чачыранды абалда жүрүшөт, ошондуктан дененин кайсы жери гана канабасын, сөзсүз ага жакын бир жерде күзөттө кыдырып жүргөн бир тромбоцит болот.
«Фон Виллебранд фактору» деп аталган бир белок болсо кырсыктын ордуна белги коюп жардам чакырган бир жол полициясындай болуп, тромбоциттерди көргөндө жолун тороп, канап жаткан жерге токтотот.
Окуя болгон жерге келген биринчи тромбоцит, чөнтөк телефону менен жардам чакырган сымал, бир зат бөлүп чыгарып, башкаларды да ал жерге чакырат.
Ал ортодо денедеги 20 фермент чогулуп, жарааттын бетинде тромбин аттуу бир белок чыгарып башташат. Тромбин ачык жараат болгон жерде гана өндүрүлөт. Бул кырсык болгон жердеги тез жардам кызматкерлеринин оорулууга керектүү дарыны ошол жерде өндүрүшү сыяктуу бир көрүнүш. Болгондо да, дары-дармек керектүү өлчөмдө гана өндүрүлүшү керек. Ошондой эле, бул белоктун өндүрүшү өз убагында башталып, өз убагында токтотулушу зарыл. Баштоо жана токтотуу буйругун бул белокту өндүргөн ферменттер өз араларында беришет.
Тромбин молекуласы жетиштүү көлөмдө өндүрүлгөн соң, фибриноген аттуу жипчелер жасалат. Бул жипчелердин өтө маанилүү бир кызматы бар: кандын бетинде бир тор пайда кылышат жана келген тромбоциттер бул торго илинип чогулушат. Бул чогулуу жетиштүү көлөмгө жеткенде кан сыртка чыкпай калат. Жараат толук айыкканда болсо уюган кан кайра ушул сыяктуу процесстер менен таратылат.
Бул жерде сөз кылынган ферменттер жана белоктор – жансыз, аң-сезимсиз, көзү жок атомдордун ар кандай формада тизилишинен келип чыккан түзүлүштөр. Булардын ар бири жараат пайда болоор замат белгилүү милдеттерди аркалап, тездик менен аккан канды токтотуу үчүн «уюшушат». Ортоктошуп иштеп бир дары өндүргөн сыяктуу керектүү белокторду «өндүрүшөт», жардам үчүн башкаларга «кабар жөнөтүшөт». Башкалар болсо кабардын маңызын «түшүнүп», шашылыш түрдө окуя болгон жерге «келишет» жана ар бири өз милдетин толук аткарат.
Муну унутпаш керек: бул жерде «уюшушат», «өндүрүшөт», «кабар жөнөтүшөт», «түшүнүшөт» ж.б. деп айтылган нерселер – болгону бир аң-сезимсиз атомдордун биригишинен келип чыккан ферменттер. Бул атом топторунун мынчалык пландуу иштерди жасашы, албетте, абдан улуу бир керемет.
Мындай системанын тирүү организмдердин денесинде кокустан пайда болушу эч мүмкүн эмес. Ар бир бөлүгү өзүнчө бир план жана эсепке таянган бул система Аллахтын чексиз илиминин, акылынын жана кудуретинин бир көрсөткүчү. Бул система кокустан пайда болгон деген пикирди жактаган дарвинисттердин канчалык логикадан тайганын бул жерден да апачык көрүүгө болот.
blood clotting
1. Clotting cells
2. Blood clotting
When bleeding occurs anywhere in the body, proteins entrusted with stopping the bleeding immediately arrive at the site.

47. Кичинекей бир молекуланын касиеттери дагы эволюция теориясын кыйратууга жетиштүү

Тромбин – фибриногенди фибринге айлантып канды уютуучу бир белок. Бирок бул белок дайыма кандын ичинде жүргөнү менен, ар дайым канды уютуп анын агышын токтото бербейт. Тамырлардын бири канаганда гана кандын уюшу керек экенин түшүнүп, канды уютат. Эгер тромбин тынымсыз канды уюта бергенде, кандагы тромбин белоктору себептүү тамырлардагы бүт кан уюп калмак жана организм жашай алмак эмес. Анда, кантип керек учурда тромбинде бир заматта канды уютуу касиети пайда боло калат?
Тромбин демейде канда активдүү эмес протромбин абалында жүрөт. Активдүү болбогондуктан, канды уютуу милдетин аткара албайт. Ушундайча организм контрольсуз бир кандын уюшунан корголот.
Бир жер жараат алганда, б.а. канаганда протромбинди активдештирип, тромбинге айландырган эмне?
«Стюарт фактору» деген бир белок протромбинге таасир берип, аны канды уюта турган тромбинге айландырат. Бирок Стюарт фактору дагы канда активдүү абалда болбойт жана аны да бирөө активдештириши керек болот.
Бул жерде бир жумуртка-тоок мисалы сыяктуу бир жагдайга туш болобуз. Стюарт фактору активдешиши үчүн акселерин аттуу башка бир белок керек. Стюарт фактору акселерин аркылуу активдешет жана активдүү Стюарт фактору протромбинди тромбинге айлантат; натыйжада канаган жер басылат. Бирок көңүл буруңуз: негизи акселерин дагы башында активдүү эмес проакселерин абалында болот. Аны эмне активдештирет?
Тромбин!
Бирок тромбин эсиңизде болсо бул окуя тизмегинде проакселеринден кийинчерээк катарда турат. Бул жерде акселериндин өндүрүшүндө роль ойногон тромбин неберенин таенеси төрөлө электе бар болушуна окшошот. Стюарт фактору протромбинге өтө жай таасир бергени үчүн, канда дайыма белгилүү көлөмдө тромбин болот. Ошондуктан бул аз сандагы тромбин алгач акселеринди активдештирет жана андан соң кандын уюшуна керектүү белоктордун баары домино таштары сыяктуу катары менен активдешип, кан уюйт.
blood clotting
1. Wound
2. Blood seeping out
3. Prothrombin
4. Fibrinogen
5. At the site of a wound, clotting enzymes start their duty.
6. Direction of blood flow
7. For clotting, first Stuart factor activates prothrombin.
8. Stuart factor
9. Prothrombin
10. Thrombin
11. In this way, prothrombin is converted to thrombin.
12. Thrombin
13. Fibrinogen
14. Fibrin
15. Thrombin converts fibrinogen into fibrin fibers, allowing a clot to form.
At the site of a wound, many interdependent proteins go into action to allow blood clotting. These proteins, activated when the body receives a wound, in turn activate each of the other proteins required for clotting.
Бул жерге чейин айтылгандар кандын уюшу жөнүндөгү абдан үстүртөн маалыматтар гана. Ондогон бөлүк бири-биринен көз-каранды иштеген жана эч бири бир жолу дагы өз милдетин аткарбай койбогон мынчалык комплекстүү бир системаны кокустуктардын натыйжасында пайда болгон деп айтуу, албетте, адамдын өмүрүндөгү эң логикасыз, эң акылга сыйбас бир көз-караш болот.
Бирок эволюционисттер жандыктарды, кандын уюшу да кошо бүт системалары менен бирге, акырындап, этап этабы менен эволюциялашкан дешет. Бирок, кандын уюу процессинен да көрүнүп тургандай, бүт белоктор менен ферменттер кандын уюшунда бири-биринен көз-каранды жана бири болмоюнча экинчиси эч бир ишке жарабайт, ал тургай, ал жандыктын өлүмүнө себеп болот. Ошондуктан жандыктын жарым иштеген бир кан уюу системасы менен башка бөлүктөрдүн толукталышын күтүп отурууга мүмкүнчүлүгү да, убактысы да болбойт жана бат эле өлүп жок болот. Жыйынтыктасак, ушул бир эле мисалдан да апачык көрүнүп тургандай, жандыктар эволюция менен пайда болгон деген көз-караш акылга да, илимге да, логикага да туура келбейт. Тирүү организмдердин денелеринде буга окшогон жүздөгөн бири-биринен көз-каранды системалар бар жана бул системаларсыз организм жашай албайт.
Бул системалардын баарынын Жаратуучусу Аллах.

48. Өмүрүңүздүн кылдын учунда турганын билесизби?

Бир эле ферменттин кем болушу адамзаттын тукум курут болушуна себеп боло алат. Муну түшүнүүгө бир эле мисал жетиштүү...
Нерв клеткалары денебизди тордой ороп турат. Бул нерв тармагы аркылуу тынымсыз маалымат агат. Электрдик сигналдар нервдер аркылуу мээ менен органдардын арасында тынымсыз сансыз буйрук жана сигналдарды ташып турушат.
Бирок нерв клеткалары дененин бир учунан экинчи учун көздөй созулган, бир бүтүн кабель сыяктуу эмес. Учу-учуна туташышкан, бирок ортолорунда боштуктар бар. Бири-бирине тийбей турушат.
Анда, электрдик заряд бир нервден экинчисине кантип өтөт?
Бул жерде өтө татаал бир химиялык система кызмат кылат. Нерв клеткаларынын арасында атайын бир суюктук бар жана ал суюктукта абдан өзгөчө кээ бир химиялык ферменттер болот. Ал ферменттер кереметтүү бир өзгөчөлүгүнөн улам «электрон ташый» алышат. Электрдик сигнал бир нервдин учуна жеткенде, электрондор бул ферменттерди минишет. Ферменттер болсо нервдердин арасындагы суюктукта сүзүп, электрондорду кийинки нервге өткөрүшөт. Натыйжада электрдик заряд кийинки нерв клеткасына өтүп өз жолун улантат. Бул процесс секунданын абдан кичинекей бир бөлүгүндө болуп өтөт жана электрдик заряд эч үзгүлтүккө учурабайт. Көрүнүп тургандай, адамдын денеси толугу менен бар болуп, бир эле фермент кем болсо, адам деген жандык жашабай калат же ал жандык өз функцияларын аткара албай калат. Башка миңдеген ферменттин кандайдыр бир бирөөсүнүн кем болушу да, ушундай эле жыйынтыкка алып келет. Ошондуктан эч бир жандык, эволюция теориясы айткандай, миллиондогон жыл сокур кокустуктардын аны толукташын күтүп отура албайт.
neurons, Electric signals
1.The gap between two nerve cells, and the enzymes entrusted with carrying electrical signal from one cell to the other
2.The enzyme that transmits the electrical signals to the next nerve cell
Демек, бир гана чындык бар: адам да кошо бүт жандыктар азыркы кемчиликсиз түзүлүштөрү менен бирге бир жолуда толук бойдон пайда болушкан, башкача айтканда, Аллах тарабынан кемчиликсиз кылып жаратылышкан.

49. Дүйнөнүн эң комплекстүү түйүнү мээбизде

brain
Адамдын мээсинде бир канча ишти бирдей жүргүзө ала турган бир система бар. Мисалы, бир адам мээсиндеги кемчиликсиз түзүлүштүн урматында бир тараптан машинасын айдап баратып, бир тараптан музыканы алмаштырып, үнүн оңдой алат, ал ортодо рульду да башкара алат. Бир канча жумушту бирдей жасап жатып да, алдындагы машиналарды же адамдарды сүзүп албайт. Ошол эле учурда буттары менен газ педалын башкара алат. Радио угуп анда айтылгандарды да толук түшүнө алат. Сүйлөп жаткан сөзүн калган жеринен уланта алат. Кыскасы, бир адам мээсиндеги кереметтүү кубаттуулуктун урматында бир учурда бир канча жумушту жасай алат. Муну мээсиндеги нерв клеткаларынын өз ара байланыштары камсыз кылат.
Мээдеги кемчиликсиз системаны түзгөн эң негизги элементтердин бири – бул саны 10 миллиарддын тегерегинде болгон нерв клеткалары жана бул клеткалардын арасындагы маалымат алмашууну камсыз кылган 100 триллион байланыш. 100 триллион өтө чоң бир сан. Бул сандын чоңдугу жөнүндө биохимия профессору Майкл Дентон мындай дейт:
«100 триллион, албетте, биз элестете албай турган бир сан. Американын аянтынын жарымындай бир жерди элестетиңиз. Эгер бул аймактын баарын дарак каптап турат жана ар бир дарактын 10 миң жалбырагы бар деп кабыл алсак, анда бүт ушул аймактагы жалбырактардын саны мээбиздеги байланыштардын санына жакын болот.»
Мээбиздеги кереметтер байланыштардын саны менен эле чектелбейт. Себеби бул 100 триллион байланыштын баары дал керектүү жерлерде. Эгер бул байланыштардын кандайдыр бирөөсү туура эмес бир жерде болгондо же бул тармактын бир жери кем болгондо, мунун натыйжасы өтө оор болмок. Бирок мындай нерсе болбойт жана кээ бир оорулардан тышкары, кадимки шарттарда бүт адамдар аларга кадыресе сезилген, бирок түпкүрүндө триллиондогон процесстен турган бир өмүрдү сүрүшөт.
Дарвинисттер болсо бул 100 триллион байланыш кокустуктардын натыйжасында пайда болгон дешет. Башкача айтканда, алардын ою боюнча, адамдын денесин түзгөн 100 триллион клетканын 10 миллиарды кайсы бир себеп менен нерв клеткаларына айланууну чечип, формалары менен өзгөчөлүктөрүн өзгөртүшкөн. Алардын көрсөткөн керемети муну менен эле бүтпөй, 100 триллион байланышты колдонуп өз ара бири-бирине туташышкан. Жана бул 100 триллион байланыштын бирөөсүнүн дагы линиясы туура эмес болгон эмес. Дарвинисттердин мындай көз-карашы «Стамбулдай чоңдуктагы бир шаардын бүт электрдик тармагы бир түнү болгон бир бороондун натыйжасында кокустан түзүлүп, бир үй да калбай, бүт үйлөргө электрдик линия тартылып калган» деген сөздөн да алда канча логикасыз жана акылсыз. Бүт бул системаны курган жана контрольдогон улуу бир күч-кудуреттин бар экендиги апачык бир чындык. Бул күч-кудурет баарыбыздын Жаратуучубуз Аллах.

50. Алган маалыматтарыбыздын баары Аллахтын улуу жаратуусунун бир мисалы

Денебиздеги нерв клеткалары бир тармак сыяктуу. Бул тармак аркылуу мээ менен органдардын арасында сансыз буйрук жана сигналдар барып келип турат. Бирок бул үзгүлтүксүз бир тармак эмес, жогоруда айтылгандай, нервдердин арасында боштуктар бар. Бир кабар бул боштуктарга жеткенде, электрон ташуучу ферменттер кабарды кийинки нервге өткөрүшөт.
Электрондорду ташуучу ферменттер жүгүн түшүргөн соң кийинки нервдин учунун алдында бошоп калышат. Бирок ал жерге чогула берсе, арттан келген башка электрон көтөргөн ферменттердин жолун тосушат. Натыйжада электрдик сигналдар кийинки нервге өтпөй, агым үзгүлтүккө учурайт. Бирок мындай маселе жаралбайт. Себеби «ацетилхолинэстераза» аттуу атайын бир фермент нервдин учунун алдында чогулган химикаттарды майдалап ал жерден алыстатат. Башкача айтканда, кандайдыр бир мааниде «ал жерди шыпырып тазалайт». Ошентип арттан келген электрон ташыгычтардын алды тынымсыз тазаланып турат. Эч бир үзгүлтүккө жол берилбейт.
nerve fiber
1. End of a nerve fiber
2. The enzyme called acetylcholinesterase is found at the sites in the body where it is most needed. It sweeps away acetylcholine enzymes that accumulate between two nerve cells after they've transmitted an impulse between them. This way, it makes room for new transmitter enzymes.
3. Acetylcholine enzymes transmitting an impulse
4. The gap between nerve cells
5. Acetylcholinesterase enzyme, waiting to sweep up the neurotransmitter enzymes after they finish their duty
6. End of a nerve fiber
Денебиздеги он миңдеген түрдүү ферменттин арасынан бир эле «ацетилхолинэстераза» болбогондо, жашай алмак эмеспиз. Себеби бул кайсы бир мааниде бүт дененин электрдик тармагынын үзүлүшү деген мааниге келет.
Ар бир адам бул жерде өзүнө төмөнкү суроону узатышы керек: организмдин денесинде кичинекей бир нерсенин дагы унутулбашы үчүн кемчиликсиз системаларды курган, эч кандай аң-сезими, билими жана эрки жок молекулаларды эң туура жана эң акылдуу иш-аракеттерди жасай турган кылып программалаган ким?
Бүт бул акыл, билим жана кемчиликсиз чыгарманын ээси эч кандай кокустуктар эмес. Эволюционисттер бул суроолордун алдында айла жоктон унчукпай, жоопсуз калышат. Себеби ар бир ферментти жараткан, ар бирине өз милдетин тапшырган, жашоону кемчиликсиз кылып жоктон жараткан Улуу Аллах.
Мына Раббиңер Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага кулчулук кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир өкүл. (Энъам Сүрөсү, 102)
Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder