24 Haziran 2016 Cuma

Клеткадагы Аң-Сезим (31-40)

Клеткадагы Аң-Сезим (31-40)

31. Буларды төмөндө айтылгандардын ушул учурда денеңизде болуп жатканын унутпастан окуңуз

Гемоглобин молекуласы клеткаларга кычкылтек ташуу милдетин аткаруучу өзгөчө бир молекула. Гемоглобин өпкөдөгү кычкылтекти алып, көмүр кычкыл газын калтырат жана ал жерден булчуңдарга өтөт. Булчуңдар болсо азыктарды күйгүзүп көмүр кычкыл газын пайда кылышат. Гемоглобин молекуласы булчуңдарга жеткенде, бул жолу тескерисинче, кычкылтекти калтырып, көмүр кычкыл газын алат.
Илимпоздор экөө эки башка болгон бул функцияларды аткарган гемоглобинди «кереметтүү бир молекула» дешүүдө. Эволюционист Гордон Рэттрей Тейлор The Great Evolution Mystery (Эволюциянын улуу табышмагы) аттуу китебинде гемоглобин молекуласы жөнүндө мындай деп жазган:
... Бул зат чындап эле кереметтүү бир молекула болгондуктан, бир убакта кычкылтек менен биригүүгө умтулса, бир канча секундадан соң бул умтулуусун жоготот. Бир заматта тандоосу көмүр кычкыл газын карай өзгөрөт. Бул болсо аны ан сайын өзгөчөлөнтөт. (Gordon Rattray Taylor, The Great Evolution Mystery, Harper &Row Publishers, New York, s.108)
Hemoglobin
Hemoglobin takes up oxygen from the lungs and leaves behind carbon dioxide.
1.Tissue cells
2. Depositing CO2
3. Taking up O2
4. Blood plasma
5. Red blood cell
6. Capillary
Бул айтылгандардан да көрүнүп тургандай, гемоглобин молекуласы аң-сезимдүү бир жандыктай болуп керектүү жерде жана керектүү учурда туура тандоону жасоодо. Жана эч качан кычкылтек менен көмүр кычкыл газын бири-бирине чаташтырбайт.
Микроскоптон гана көрүнө турган кичинекей бир молекуланын ойлонуу, чечим алуу жана тандоо жасоо сыяктуу өзгөчөлүктөрдү талап кылган иш-аракеттерди жасашы, албетте, ойлондурарлык көрүнүш.
Hemoglobin molecule, red blood cell
A. Just one red blood cell
B. Contains 300 million hemoglobin molecules, one of which is shown below.
1.Red blood cell
2.Hemoglobin molecule
Бул молекуланын кереметтүү акылдуулугу адам өмүрүнүн уланышына себепчи болууда. Адамдын денесинде бир саатта орточо 900 миллион эритроцит өндүрүлөт. Бир эритроцит клеткасында болсо болжол менен 300 миллион гемоглобин молекуласы болот. Адамдын денесиндеги гемоглобин молекулаларынын жалпы саны менен бул молекулалардын баарында бирдей жөндөмдөр бар экенин ойлогонубузда, мунун маанисин жакшыраак түшүнөбүз. 
Мындай тандоо жөндөмүнүн кокустан келип чыкпашы, кокустуктардын адамдын денесиндеги миллиарддаган гемоглобинге бул жөндөмдү бере албашы акылы бар ар бир адам үчүн апачык бир чындык. Гемоглобин молекуласын жаратып, жандыктардын денесине бүт өзгөчөлүктөрү менен бирге орноткон Аллах.

32. Адамдын денесине кызмат кылган лизосома ферменттери

Денебизде күн сайын биз байкабаган көптөгөн процесстер болуп турат. Буларды өз милдетин кемчиликсиз аткарган 100 триллион клеткабыз жасайт. Бул клеткалардын ичинде өз милдетин өтө мыкты билген көптөгөн түзүлүштөр бар. Кээ бири энергия, кээ бири белок өндүрөт, кээ бири ташуу кызматын аткарат, кээ бири болсо кампа катары колдонулат.
Клетканын ичиндеги бул акылдуу түзүлүштөрдүн бири – лизосома. Лизосоманы клетканын майдалагыч машинасы десек болот. Бул органеллден бөлүп чыгарылган ферменттер аркылуу денеде көптөгөн «талкалоо» иштери жасалат. Лизосома ферменттери ишке жараксыз клеткаларды бузуп, майдалап же бир түзүлүштүн айланасын орогон кабыкчаны талкалап тешүүдөн тышкары, денеде тынымсыз чоңойо берген кээ бир клеткаларды да талкалашат. Лизосома ферменттеринин мындай бузуу жумушунун дене үчүн мааниси абдан чоң.
Мисалы, кош бойлуу аялдарда наристенин чоңоюшу менен бирге жатын да кадимки шарттарга караганда бир топко чоңойот. Бул наристенин жакшы жетилиши үчүн зарыл шарттардын бири. Бирок наристе төрөлгөн соң мынчалык чоң жатынга муктаждык калбайт. Ошондуктан ашыкча чоңойгон бул органды кайра мурдакы абалына алып келүү керек болот. Бул жумушту лизосома ферменттери жасайт. Наристе төрөлгөн соң белгилүү клеткалардын лизосомалары мунун кабарын алгандай болушат жана эмне кылуу керек экенин абдан мыкты билип ошол замат керектүү ферменттерди бөлүп чыгара башташат. Бул ферменттер болсо дененин ден-соолугу үчүн кош бойлуулуктан кийинки 10 күндүн ичинде жатынды тездик менен бузуп, 1/40 көлөмүндө кичирейтишет. Натыйжада жатын мурдакы калыбына келе баштайт.
lysosome enzyme
1. The sperm enters the egg by breaking through its outer membrane.
2. Upon reaching the egg, the sperm uses lysosome enzymes to break through the egg's membrane.
3. The lysosome enzyme, which plays a role in destroying cells
4. Lysosome enzymes, as seen under an electron microscop
Лизосомалар, мындан тышкары, сперманын баш жагында да болушат. Сперма энелик клеткага жеткенде, анын кабыгын тешүү үчүн өзүндөгү лизосома ферменттерин колдонот. Бул ферменттер энелик клетканы коргогон кабыкчаны тешип, сперманын аны уруктандырышына шарт түзүшөт.
Бул мисалдардан да апачык көрүнүп тургандай, денебиздеги механизмдердин баары бири-бирин толуктап турат. Кош бойлуулук учурунда жатынды чоңойтуучу системадан тышкары, аны мурдакы калыбына алып келе турган система да бар. Ошондой эле, бекем бир кабыкча менен корголгон энелик клетканы теше ала турган фермент дагы сперманын ичине атайын коюлган.
Дарвинисттер ушундай бири-бири менен тыгыз байланыштагы кемчиликсиз системаны кээ бир кокустуктардын натыйжасында пайда болгон жана кемчиликсиз иштеп келе жатат дешип, акыл жана логикадан абдан алыстап кетишкен. Өз ичинде кемчиликсиз иштеген бул механизмдердин денедеги бүт системаларга да төп келиши Аллахтын кемчиликсиз жаратуусун көз алдыга тартуулоодо.

33. Дем алуунун канчалык улуу бир керемет экенин ойлонуп көрдүңүз беле?

Төрөлгөн кезиңизден баштап эч кыйынчылыксыз дем алып, анын урматында өмүр сүрүп келе жатасыз. Бир канча мүнөткө дем ала албай калышыңыз денеңиздин бүт функцияларынын токтошуна жана көз жумушуңузга себеп болушу мүмкүн. Өмүрүңүздүн өпкөлөрүңүздөгү «сурфактант» аттуу заттан көз-каранды экенин билчү белеңиз?
Өпкөлөрүңүздү түзгөн 300 миллиондон ашуун исиркектердин (альвеола) айланасы ушул зат менен оролгон. Дем алганыңыз сайын ичи абага толуп турган бул исиркектердин ачылып-жабылышы көп деле оңой эмес. Сурфактант исиркектердин ачылып-жабылышына көмөкчү болгон бир зат...
Бул заттын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири, адамдын дүйнөгө келишине толук бир ай калганда өндүрүлүп баштайт. Мунун кереметтүү тарабы мына ушул жерден башталат. Эне курсагында жатканда өпкөсүн колдонбогон наристе кантип сыртта дем алганда ушундай кыйынчылыкка туш болоорун билип, бул затты өндүрүү муктаждыгын сезиши мүмкүн? Сурфактанттын өпкөсүндөгү исиркектерге жардам берээрин кайдан биле алсын? Бул заттын исиркектердин кыймылдашына көмөкчү болоорун кайсы химия билими менен болжолдой алсын?
alveol, red blood cell
1. Lungs
2. Alveoli coated with surfactant
3. Cross section of an alveolus
4. Membrane of capillary
5. Surfactant layer
6. CO 2
7. O 2
8. Red blood cell
A substance called a surfactant facilitates the proper expansion of the alveoli, allowing them to fill with air every time we take a breath.
Бул заттын болбошу кээ бир ара туулган наристелердеги сыяктуу, баланын кыска убакыт ичинде көз жумушуна себеп болот. Бирок сейрек учурлардан тышкары мындай болбойт жана алгачкы адамдан ушул күнгө чейин миллиондогон жылдан бери толук жетилип төрөлгөн наристелердин баары ушул зат менен оролгон өпкө менен төрөлүп, эч кыйналбай дем алып баштаган.
Албетте, бул кереметтүү кубулуш наристенин да, эненин да каалоосу менен болуп жаткан жок. Бул кемчиликсиз системаны жараткан жана дал керектүү учурда иштетип баштаган Аллах.
Оо инсан, сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап-жаңылтып койду? Ал сени жаратып, келбетиңди келиштирген эле. Жана Ал сени Өзү каалаган сүрөттө калыптандырган. (Инфитар Сүрөсү, 6-8)

34. Клеткалардын арасындагы байланыш түйүнү

Денебиздеги 100 триллион клетка бири-бири менен толук гармонияда иштейт. Мындай гармонияга жетүү үчүн бири-биринин функцияларынан толук кабардар болуп туруулары зарыл. Ушул максатта «гормон» деп аталган кабар жеткирүүчү молекулалар өндүрүлөт. Мисалы, КАЛКАН БЕЗИНИН ГОРМОНУ бүт клеткалардын зат алмашуу ылдамдыгын контрольдойт. ИНСУЛИН гормону денедеги бүт клеткаларга канттын киришин камсыз кылат. АЛЬДОСТЕРОН гормону бөйрөккө таасир берип, кандагы суу менен туздун деңгээлин тең салмакка салат. Эритроциттерди жасоо үчүн ЭРИТРОПОЭТИН гормонунун сигналы керек.
Дагы жүздөгөн гормондор клеткалар арасындагы байланышты камсыз кылышат. Болгондо да, бул процесстер дүйнөдөгү миллиарддаган адамдын ар биринин денесинде эч кемчиликсиз иштеп келе жатат. Гормондор болбосо, адамдын денесинде тартип болбойт, хаос жана башаламандык келип чыгат.
hormones
A. Hypothalamus
B. Pituitary gland
1. Growth, 1a. bones, 1b. growth hormone
2. Thyroid stimulation, 2a. thyroid gland, 2b. thyroid-stimulating hormone (TSH)
3. Ovary and estrogen production, 3a. ovary, 3b. follicle-stimulating hormone (FSH)
4. Sperm production, 4a. testicle, 4b. follicle-stimulating hormone (FSH)
5. Release of ovum, and secretion of estrogen and progesterone, 5a. ovary, 5b. luteinizing hormone (LH)
6. Production of testosterone, 6a. testicle, 6b. luteinizing hormone (LH)
7. Control of adrenal cortex, 7a. adrenal gland, 7b. ACTH stimulating the adrenal cortex
8. Water retained by the kidneys, 8a. kidney, 8b. antidiuretic hormone (ADH)
9. Milk secreted from mammary glands, 9a. mammary gland, 9b. oxytocin
10. Contraction of the womb, 10a. uterus, 10b. oxytocin
Hormones are molecules responsible for sending messages back and forth between cells. Thanks to these molecules, all of the body's processes can run flawlessly. Hormones control events we are not even aware of, from our blood pressure to our growth.
Бир клетка биздин көлөмүбүзгө салыштырганыбызда өзүнөн миңдеген километр алыста жайгашкан башка бир клетканын эмне жумушту жасашы керек экенин жана кайсы гормондун буга шарт түзөөрүн кайдан билиши мүмкүн? Мындан тышкары, бул гормонду өндүрүү үчүн керектүү формуланы жана материалды кайдан билип, кайдан алууда?
Бир эле ушул чындык дагы денеде бүт баарынын белгилүү бир планга ылайык улуу бир илим менен жаратылганын көрсөтүүдө. Жер жүзүндө жашаган миллиарддаган адамдын ар биринин денесиндеги 100 триллион клетканын арасындагы тартип – буларды Аллахтын жараткандыгынын жана Анын жалгыздыгынын бир далили.
Аллах чындап Өзүнөн башка Кудай жок экенине күбөлүк берди; периштелер менен илимдүүлөр да Андан башка Кудай жок экенине адилеттик менен күбөлүк беришти (күбө болушту). Азиз (Улуу) жана Хаким болгон Андан башка Кудай жок. (Али Имран Сүрөсү, 18)

35. Төрөт толгоолорунун жана эненин сүтүнүн булагы: мээде чыгарылган бир гормон

Кош бойлуулуктун мөөнөтү бүткөндө, күтүүсүз башталган төрөт толгоолору жаңы бир жашоонун башталышын сүйүнчүлөйт. Окситоцин аттуу бир гормон төрөт толгоолорун баштатуучу жана бул окуянын алгачкы кабарчысы болгон бир зат болуп саналат.
Мээден чыгарылган бул гормон негизинен эки жерге таасир берет. Биринчиси эне жатынын түзгөн булчуңдар, экинчиси болсо көкүрөктөн эне сүтүнүн чыгышына шарт түзүүчү булчуң түзүлүшүндөгү клеткалар.
Төрөт учурунда эне жатынынын жакшы жыйрылышы баланын төрөлүшү үчүн абдан маанилүү. Бул гормон жатынды түзгөн булчуңдардын абдан күчтүү жыйрылышына шарт түзөт. Бирок муну 9 ай 10 күндүк мөөнөт бүткөндө кылат. Эрте да, кеч да эмес... Себеби эки учур тең наристенин өмүрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн. Убагы келгенде мээге жатындын оозундагы кабылдагычтардан сигнал жөнөтүлөт. Бул сигналдарды алган мээ болсо абдан алыста жайгашкан эне жатынындагы кабылдагычтарга эң төп келе турган окситоцинди чыгарып, максатка жете тургандай кылып жөнөтөт.
Oxytocin, hormones
1. ADH and oxytocin hormones are released by the pituitary gland.
2. At the appropriate time, ADH and oxytocin are transported down axons of the pituitary for secretion into blood.
3. Pituitary gland
4. Artery
5. ADH
6. ADH affects the tubules in the kidneys. Oxytocin, on the other hand, affects the uterus and mammary glands.
7. The smooth muscles of the uterus
8. Oxytocin
9. Mammary glands in the breasts
10. Oxytocin initiates the secretion osf breast milk and contractions during labor.
Мындан тышкары, окситоцин гормонунун дагы бир кызматы бар. Дүйнөгө келген наристеге азык болушу үчүн эне сүтүн чыгарат жана наристе бул сүт менен азыктанат.
Эми ойлонолу.
Мээбиздин кичинекей бир бөлүгүндөгү клетка кантип эне жатыны үчүн төрөттү жеңилдете турган гормонду өндүрүү чечимин чыгарган?
Бул гормон кантип дененин ичинен өз жолун таап, кандайдыр бир башка органга барбастан, керектүү жерге гана барат?
Наристе аман калышы үчүн 9 ай 10 күн эне жатынында жетилиши керек экенин билген жана бул механизмди дал керектүү учурда кыймылга келтирген акыл кимдин акылы?
Наристе азыктанышы үчүн сүт керек деп ойлонуп, ал сүттү эненин денесинен чыгартуучу системаны курган окситоцин гормонубу?
Окситоцин гормону денебиздеги миңдеген гормондун бирөөсү гана. Ушул сыяктуу, ар бир гормон өтө чоң уюштурууларды жасайт, өтө маанилүү чечимдерди алат, аларды ишке ашырат, клеткалар менен байланыш түзөт, денеге керектүү секрецияны пайда кылат, анын керектүү өлчөмүн аныктайт, убактысын жана бөлүп чыгаруу мөөнөтүн жөнгө салат, жана дагы көптөгөн татаал иштерди эч катасыз орундатат.
Таң калтырарлык даражада кемчиликсиз жана пландуу түзүлгөн бул тартиптин кокустан же өзүнөн-өзү иштебеши анык. Пландуу уюштурулган бул системалардын жана гормондордун баарын эң майда бөлүгүнө чейин жараткан жана башкарган – чексиз акыл ээси Аллах.

36. Эгер эч суусабаганыңызда?

vasopressin hormone (ADH)
vasopressin hormone (ADH)
Денебиздеги суунун көлөмүнүн кичинекей өзгөрүүлөрүн да сезүүчү системалар бар. Алардын башында мээбиздин көлөмү буурчактай болгон гипоталамус деген бөлүгү турат. Гипоталамус өтө маани берген нерселердин бири – бул кандагы суунун көлөмү. Кандагы суунун көлөмү азайганда, кан басымы бир азга болсо да төмөндөйт. Бул жүрөктөн кандын биринчи чыкчу жери болгон аортада жайгашкан жана кан басымынын өзгөрүшүн кабылдоо милдети жүктөлгөн басым өлчөгүчтөрдү (барорецепторлорду) стимулдайт. Кан басымынын өзгөрүшүн сезген бул кабылдагычтар жагдайды ошол замат мээбиздеги гипоталамус аймагына кабар беришет. Гипоталамус болсо буга чара катары асты жагында жайгашкан көлөмү 1 см болгон гипофиз аттуу безге «АДГ» (вазопрессин) аттуу бир гормонду өндүрүп чыгаруу буйругун берет.
Бул гормон кан айлануу аркылуу узун сапарга чыгып, бөйрөктөргө жетет. Бөйрөктөрдө ачкычтын кулпуга туура келиши сыяктуу дал ушул гормонго туура келүүчү атайын кабылдагычтар бар. Гормондор бул кабылдагычтарга жетээр замат бөйрөктөргө сууну үнөмдөө тартибине өтүү кабарын жеткирет. Бул кабарды түшүнгөн бөйрөк клеткалары ошол замат денеден суунун чыгарылышын өтө төмөн деңгээлге түшүрүшөт.
Мындан тышкары, бул «вазопрессин» гормону мээбизде чаңкоо сезимин да пайда кылат. Биз болсо ичибиздеги бул кемчиликсиз системанын иштеп жатканынан эч кабарсыз, бир чыны суу ичип денебиздин суу тең салмактуулугун камсыз кылабыз.
Эгер гипофиз гормону жана бул гормон алып келген «сууну коротууну азайткыла» деген буйрукту түшүнүп аткаруучу бөйрөк клеткалары болбогондо, суу жетишсиздигинен өлүп калбаш үчүн бир күндө 15-20 литр суу ичишибиз керек болмок. Бул сууну тынымсыз сыртка чыгаруу керек болгондуктан, уктай албай же бир жерде көпкө отура албай калмакпыз.
Kidney, Adrenal gland, Thirst
1. Kidney
2. Adrenal gland
3. Adrenal glands produce hormones that activate the region of thirst in the brain
4. Heart
5. Information obtained from the baroreceptors in the heart is taken to the hypothalamus.
6. Once enough water has been taken in, the message is sent from the tongue and stomach that reserves are now full.
7. Stomach
8. Receptor cells in the hypothalamus
9.The hypothalamus commandsthe salivary glands to stop production, and as a result, the mouth goes dry
O man! What has deluded you in respect of your Noble Lord? He Who created you and formed you and proportioned you and assembled you in whatever way He willed. (Qur'an, 82: 6-8)
Көрүнүп тургандай, денебиздеги суунун көлөмүн тең салмакта кармаган бул системанын бүт бөлүктөрү мээ менен ортоктошуп иштөөдө. Аортадагы клеткалар бир кабар жөнөтүп, суу жетишсиздигин кечиктирбей мээге билдирет. Мээ болсо бул кабардын эмне мааниге келээрин ошол замат түшүнүп, бир кабарчыны жолго салат жана ал кабарчы денедеги көптөгөн органдардын арасынан тиешелүү органга, б.а. бөйрөктөргө барып, эмне кылуу керек экенин айтып берет.
Бул процесстер бир күндө канчалаган жолу, биздин эч кабарыбызсыз кайталанып турат. Болгондо да, бир эле биздин денебизде эмес, айланабыздагы бүт адамдардын; мурда жашап өткөн жана мындан кийин дүйнөдө жашай турган адамдардын денелеринде да бул система бар. Баарында абдан сезгич кабылдагычтар бар. Баарынын денесиндеги клеткалар кан басымы өзгөргөндө эмне кылуу керек экенин билишет. Бүт адамдардын бул милдетти аркалаган клеткаларында кандагы басымдын өзгөрүшүн өлчөй турган түзүлүшү бар.
Мынчалык комплекстүү жана кемчиликсиз бир система кантип пайда болгон, жана кантип баарынын өзгөчөлүктөрү бирдей болуп калган?
Мындай механизмдин сокур кокустуктардын натыйжасында пайда болбошу акылы бар ар бир адам үчүн апачык бир чындык. Системанын бөлүктөрүнүн мындай өзгөчөлүктөргө өзүнөн-өзү ээ болуп калышы да мүмкүн эмес. Бир адам окуп түшүнүшү үчүн дагы көңүл буруп, ойлонуусун талап кылган бул иш-аракеттерди клеткалардын өз алдынча ойлоп таба албашы да анык. Вазопрессин денебиздеги жүздөгөн гормондун бирөөсү гана. Башка гормондор дагы денедеги органдар менен ушул сыяктуу байланышта болот. Жана эч бир гормон кабарын туура эмес бир органга алып барбайт. Жана ар бир орган ага келген гормондун алып келген кабарын туура жана толук түшүнөт. Мындай системанын улуу бир акыл тарабынан жаратылганы анык. Бул акылдын ээси бүт баарын жараткан Аллах.
Ар бир адам өзүнүн денесинде жаратылган бул кереметтер жөнүндө ойлонуп, аны кемчиликсиз кылып жараткан Аллахка шүгүр кылууга милдеттүү.

37. Жынысты айырмалай алуучу молекулалар: гормондор

Адам денесиндеги клеткалар менен гормондордун арасында улуу бир шайкештик бар. Дене гормондорду тааныйт. Гормондор алып келген кабарларда эмне бар экенин заматта түшүнөт. Гормондор дагы дененин качан кайсы жагына бараарын жана кандай таасир берээрин абдан мыкты билишет. Аялдар менен эркектерде бир эле гормондор бөлүп чыгарылганы менен, эки жыныстагы гормондордун таасирлери такыр башка башка болот. Мисалы, FSH аттуу (фолликулду стимулдоочу) гормон аялдарда энелик клетканын пайда болушуна шарт түзөт. Эркектерде болсо ушул эле гормон сперманы пайда кылат.
LH (лютеиндештирүүчү гормон, лютропин) болсо аялдарда энелик клетканын эркин абалга келишине жана прогестерон аттуу башка бир гормондун бөлүп чыгарылышына шарт түзөт. Прогестерон жатындын наристеге даярдалышында колдонулат. Ушул эле гормон эркектерде такыр башка милдетти аткарып, клеткаларды тестостерон гормонун бөлүп чыгарууга стимулдайт. Тестостерон болсо эркектик өзгөчөлүктөрдүн калыптанышына жана сперманын пайда болушуна шарт түзөт.
Hormonal Regulation in Women and males
A. Hormonal Regulation in Women
B. Hormonal Regulation in Males
1. Hypothalamus
2. Pituitary gland
3. Feedback
4. LH stimulates ovulatio and the secretion of progesterone.
5. FSH promotes the formation of the egg.
6. FSH secreted by the pituitary gland promotes the secretion of testosterone
7. LH secreted by the pituitary gland promotes the secretion of testosterone.
8. Sperm production is promoted.
Бул гормондордун ар кайсы денеде бирдей формулада өндүрүлүп, бирок бири-биринен абдан айырмалуу таасирлерге себеп болушу, албетте, ойлондура турган көрүнүш.
Бир гормон эркектин денесинде бөлүп чыгарылганда клеткалардын бир эркекке тиешелүү экенин түшүнүп, ошого жараша өзгөрүүлөрдү жасайт. Мисалы, ал гормон эркектин денесинде булчуңдардын чоңойушуна, үндүн жоонойушуна жана сакал-муруттун чыгышына шарт түзөт.
Бул гормон аялдын денесинде дагы ушул эле формула менен чыгарылат, бирок аялда эркектерге тийгизген таасирлеринин дээрлик толук карама-каршысына себеп болот. Аялдарга аялдын үнүн, эркектерге эркектин үнүн берген, дененин өрчүшүн ошого жараша жөнгө салган бир гормон муну айырмалай алып жатса, демек ал аял менен эркектин денесинин анатомиясын, химиясын билет. Бул гормондун акылы бар, ал тургай, бул багытта билим алган деген мааниге келет.
Бул гормондор химияны кайдан үйрөнүшүүдө? Же бул гормондорду чыгарган клеткалар адам денесиндеги химияны түшүнүп эле тим болбостон, колдорундагы маалыматтарга карап, бир химиктей болуп өздөрүндө да өндүрүш жасап, башка клеткаларды да өндүрүш жасаганга кантип багытташууда? Булардын баарын кыла турган акылды клеткалар кайдан алышкан?
Бул акылдын клеткаларга жана ал клеткаларды түзгөн атомдорго тиешелүү эмес экени айдан ачык. Эркек менен аял үчүн өз-өзүнчө жөнгө салынган бул тартип бизге бул жерде бир жаратуу, бир план бар экенин көрсөтөт. Аллах – улуу кудуреттүү Жаратуучубуз.

38. Клеткалардагы аң-сезимдүү кыймыл-аракеттерди жасаткан күч өзүнүн бар экенинен да кабарсыз болгон бир гормон болушу мүмкүнбү?

Адам денесиндеги 100 триллион клетка тиреоид (калкан без) гормондорунун урматында өз милдетин кемчиликсиз орундатат.
Денеде тиреоид гормону канчалык көп болсо, клеткалар ошончолук ылдам иштешет. Эгер денеде жетиштүү көлөмдө тиреоид гормону чыгарылбаса, клеткалардын иш-аракеттери барган сайын жайлайт жана дээрлик токтоп калат. Ошондуктан канда дайыма белгилүү көлөмдө тиреоид гормону болушу керек.
thyroid hormone
A. FACTOR THAT PROMOTES LOW SECRETION
B. LOW LEVELS OF TSH
C. NORMAL LEVEL OF THYROXIN
D. HIGH LEVELS OF TSH
E. FACTOR THAT PROMOTES HIGH SECRETION
1. thyroid gland
2. effect of thyroid gland
3. (hypothalamus)
4. (pituitary gland)
5. effects
6. overworked
7. slowing down
8. (thyroid)
9. underworked
10. speeding up
The diagram above summarizes the effect of thyroid hormone level on the body's metabolism.
Калкан бездин башка клеткаларга таасир берүү милдетин өз мойнуна жүктөп алышы, мындай чечимди өз алдынча чыгарышы мүмкүн эмес. Себеби башка клеткалардын бар экенинен кабарсыз. Ал болгону өз клеткаларынын ДНКларында жазылган буйруктарды толук орундатат.
Калкан безге бул жазылуу буйруктарды берген жана аларды аткарткан күч – бүт нерсени билген жана бүт майда-чүйдөсүнө чейин жараткан Аллах. Бул жердеги план жана аң-сезим калкан без деп аталган жана өзүнүн бар экенин да билбеген аң-сезимсиз бир тиштем этке эмес, Аллахка тиешелүү.
Бул чындыкты танган эволюционисттер болсо,
  • - калкан без өзүнөн-өзү бүт клеткаларды кыймылдатуу мажбурлугун сезген,
  • - ошондуктан бүт клеткаларга таасир бере турган гормондун долбоорун өз алдынча түзгөн,
  • - ал гормонду өз алдынча кемчиликсиз кылып өндүргөн,
  • - жана муну тынымсыз белгилүү көлөмдө канга чыгарып туруунун туура болоорун да калкан без өз башы менен чечкен дешүүдө.
Албетте, бул алардын бир божомолу гана. Адамдын денесиндеги бир бездин бул процесстердин баарын өз алдынча акыл жүгүртүп, жасай алышы эч мүмкүн эмес. Бүт баарын бири-бирине төп келиштирип, бири-бирине муктаж кылып жараткан – бул бүт баарын билүүчү Аллах.

39. Эч бир формула өзүнөн-өзү, кокустан пайда боло албайт

Инсулин – адамдын өмүрү үчүн сөзсүз керектүү болгон гормондордун бири. Бул гормон чыгарылбаса, кандагы канттын көлөмү көбөйүп, тең салмак бузулат. Бул адамдын кант комасына түшүшүнө себеп болот. Дене үчүн ушунчалык маанилүү болгон инсулин 51 аминокислотанын белгилүү бир тартипте биригишинен келип чыккан бир белок болуп саналат. Төмөндө инсулинди түзгөн аминокислоталардын аттары тоголоктордун ичине жазылып, тизилишинен келип чыккан схема чагылдырылган. Бул схемадагы аминокислоталардын катарынын бир азга эле өзгөрүшү инсулиндин өз милдетин аткара албай калышына себеп болот.
Insulin hormone
1. Insulin hormone
2. Below: The formula for the hormone insulin. If even one amino acid is lacking in this formula or if their order is mixed up, insulin will not be able to carry out its function.
Кагаздын бетине жазылган бир формуланы көргөн ар кандай адам бул формуланын өзүнөн-өзү пайда боло албашын, анын бир адам тарабынан кагазга жазылганын билет. Инсулин гормонунун да туруктуу бир формуласы бар. Болгондо да, ушул күнгө чейин жашап өткөн адамдардын баарында ушул туруктуу формуладагы инсулин бөлүп чыгарылууда. Бул инсулиндин убакыттын өтүшү менен, акырындап кокустуктардын натыйжасында пайда боло албашын көрсөтүүгө жетиштүү. Эч бир аң-сезимсиз кокустук триллиондогон адамда бирдей формуладагы бир гормонду пайда кыла албайт. Мындай көз-караш акылга да, логикага да, илимге да туура келбейт. Инсулинди ушул формулада жараткан, анын өзгөчөлүктөрүн белгилеген, адамды эң башынан инсулин менен бирге жараткан Аллах.

40. Бөйрөктөрүңүз медициналык маалыматтарды билиши мүмкүнбү?

kidney, red blood cells
1. High
2. Balanced
3. Low
4. Kidney
5. Erythropoietin
6. Bone marrow
7. Red blood cells
Бөйрөктөрүңүзгө жиберилген кандагы эритроциттердин саны бөйрөктөр тарабынан тынымсыз өлчөнүп турат. Өтө так кабылдагычтар аркылуу алынган маалыматтар ошол замат анализ кылынып керектүү чаралар көрүлөт.
Бөйрөктө тазаланган кандын көлөмүндө бир азайуу байкалса, бөйрөктөрдөгү атайын клеткалардан «эритропоэтин» аттуу бир гормон чыгарылат. Бул гормон кандын өндүрүшүн көбөйтөт. Гормон бөйрөктүн сыртында, башка бир жерде жайгашкан жилик чучугуна таасир берет.
Жилик чучугундагы негизги кан жасоочу клеткалар бул гормон келип, эритроциттин санынын азайганын кабар берген соң, эритроциттин өндүрүшүн ылдамдатып, кан айланууга көбүрөөк эритроцит чыгарышат. Ошентип эритроцит тең салмактуулугу жөнгө салынат.
Көрүнүп тургандай, бөйрөк клеткалары өлчөп, маалыматтарды анализ кылышат жана керектүү чараларды көрүү боюнча инициативаны колго алышат. Кабар жеткирүүчү гормон болсо дененин ичинде жолунан адашпастан, жилик чучугуна эч бузулбай жете алат. Жилик чучугундагы клеткалар болсо бөйрөктөрдөн бир гормон аркылуу жиберилген кабарды кантип чечмелөөнү билишет жана ал кабардын негизинде иш-аракет жүргүзүшөт.
Болгондо да, бул процесстердин баары миллиарддаган адамдын ар биринде дал ушундай жүрөт жана бул шайкештик бүт адамдарда бар.
Бул процесстердин баарында клеткалар кемчиликсиз бир уюштуруунун дисциплиналуу бөлүктөрү катары акылдуу иш-аракеттерди жасашууда. Бул жерде бул акылдын жана шайкештиктин булагы эмнеде деген суроого жооп берүү керек. Клеткаларды мындай акылга өзүнөн-өзү же кокустан ээ болуп калган деп айтууга болбойт. Клеткаларга бул акылды жана кандай иш-аракет кылуу керек экенин бүт баарын башкарып туруучу Аллах илхам кылууда.
Аллахтан башка бир күч-кудурет жок.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder